К.Тыныстанов атындагы Ыссык-Көл мамлекеттик университетинин студенттери үчүн конок лекциялар
10-04-2023

Туризм жана экология кафедрасы окуу пландарын жаңыртуу жана туризм боюнча билим берүүдө ресурстук жана энергияны үнөмдөө, туруктуу өндүрүш жана керектөө принциптерин интеграциялоо боюнча кызматташууну баштады.

ПЭРЭТО командасы долбоордун өнөктөшү - Туризм академисы менен биргеликте профессордук-окутуучулук курамынын катышуусунда Туризм жана экология кафедрасынын студенттери үчүн конок лекциясын өткөрүүдө.