Туризм

Туруктуу туризм бул - туризмдеги бир түр же тип, же туризмдеги продукт эмес. Туруктуулуктун принциптери туризмди өнүктүрүүнүн экологиялык, экономикалык жана социалдык-маданий аспектилерине тиешелүү , узак мөөнөттүү туруктуулуктун кепилдиги үчүн үч өлчөмдүн ортосунда тең салмактуулукту орнотуу зарыл.

Экологиялык аспект - маанилүү экологиялык процесстерди колдогон жаратылыш ресурстарын жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жардам берүү менен , туризмди өнүктүрүүнүн негизги элементи болгон жаратылыш ресурстарын оптималдуу пайдаланууну камсыз кылат;

Социалдык-маданий аспект - кабыл алуучу жамааттардын социалдык-маданий өзгөчөлүктөрүн сыйлоо, алардын маданий мурастарын жана салттуу баалуулуктарын сактоо, маданияттар аралык өз ара түшүнүшүүнү жана чыдамдуулукту көрсөтүү.

Экономикалык аспект - бардык катышуучуларга социалдык-экономикалык артыкчылыктарды берүү жана тең бөлүштүрүү менен, жашап кетүүгө жөндөмдүү, узак мөөнөттүү экономикалык операцияларга кепилдик берүү - туруктуу жумуш менен камсыз кылуу жана киреше алуу мүмкүнчүлүктөрү, кабыл алуучу жамааттардагы социалдык камсыздандыруу менен жакырчылыкты кыскартууга салым кошуу.

Туруктуу туризмди өнүктүрүү жана туруктуу өнүктүрүүнү башкаруу тажрыйбасы туристтик тармактардын бардык түрлөрүндө, анын ичинде туризмдин ар кандай сегменттеринде, анын ичинде массалык туризмде колдонулат.