ПЭРЭТО: Жаңыланып туруучу электр кубатынын булактарына негизделген жабдууларды орнотууда кесипкөйлөргө ишенген артык
01-10-2021

Ысык-Көл областынын HoRеCa жана туризм секторунун бизнесмендери «жашыл» технологияларды киргизүү боюнча кыйла тажрыйбага ээ жана азыр алар мурда орноткон жабдууларды өркүндөтүүнү, башкача айтканда, инновациялардын дараметин толук пайдаланууну каалашат. Бул тууралуу “Юнисон Групптун” жетектөөчү инженери Жаныбек Кулумбетов PЭRЭTO долбоорун жүзөгө ашыруунун алкагында «КРда HoReCa секторун өнүктүрүү үчүн туруктуу өндүрүш жана керектөө чаралары (ТӨК), ошондой эле электр кубатынын жана ресурстардын натыйжалуулугун (ЭРН) жайылтуу» тренингинин жыйынтыктары боюнча билдирди.

Ошону менен бирге инженер Жаныбек Кулумбетов, тажрыйбалуу болгонуна карабай, ишкерлер көп учурда инженерлердин, адистердин жардамын барк албай, жабдууларды орнотууну кесипкөй эмес адамдарга тапшырышып, натыйжада жабдуулар жараксыз абалга келип, бизнесмендер чыгымга учурап жатканын баса белгиледи.

«Ысык-Көлдө чет элдик адам балдар үчүн конок үйүн уюштурган окуя болгон. Алар 600 литрге эсептелген 6 күн коллекторун орнотушкан, бирок 350 литрлик аккумулятордук челек орнотуп ката кетиришкен. Демек, ысытылган суу челекке бата тургандан көп болгон. Жыйыынтыгында, жабдуулар иштен чыгып, кайра буйрутма берүүгө туура келген», - деп белгиледи эксперт.

Жаныбек Кулумбетовдун айтымында, бул мисал HoRecA секторундагы бизнесмендердин жаңыланып туруучу электр кубатынын булактарын орнотууда техникалык мүнөздөгү сунуштарды бере ала турган кесипкөй консультанттардын керектигин көрсөтүп турат.

«Дагы бир мисал, ишкер 30 кВт кубаттуулуктагы күн станциясын орнотууну пландаган, анткени анын объектисинин электр кубатына болгон керектөөсү30 кВтты түзгөн. Биз ага бир кыйла жөнөкөй чечимди колдонууну сунуш кылдык: кымбат күн станциясынын ордуна, ал үчүн жылуулук насосторун жана күн коллекторлорун орното турган жерди табуу керек. Ошентип, жабдуулар ага жарым баага арзан болуп, ал көп каражат үнөмдөөгө жетишти», - деп жыйынтыктады эксперт.