Ош мамлекеттик университети - ПЭРЭТОнун жаңы өнөктөшү
24-11-2022

Ош мамлекеттик университети «Туризм» багыты боюнча окуу программаларын жаңылоо максатында ПЭРЭТО менен кызматташууну баштоо демилгесин көтөрдү.

Бүгүн ПЭРЭТО командасы долбоордун өнөктөшү Туризм академиясы менен биргеликте Ош мамлекеттик университинде ректордун жана профессордук-окутуучулар курамынын катышуусунда тегерек стол өткөрүүдө.

Жолугушуунун максаты: таанышуу, жалпы милдеттерди ачык талкуулоо жана мындан аркы кызматташуунун багыттарын аныктоо.

ПЭРЭТО долбоорунун максаттарынын бири - туруктуу өндүрүш менен керектөө, ресурстарды жана электр кубатын сарамжалдуу пайдалануу принциптерин туризм боюнча билим берүүгө бириктирүү. Долбоордун эксперттик колдоосу менен, биринчилерден болуп, окуу планын жаңырткан университеттердин бири Туризм академиясы болду. 2022-жылдын сентябрынан баштап Академия долбоорду башкарууда ресурстарды жана электр кубатын сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле туруктуу керектөө жана өндүрүш принциптерин камтыган окуу планын жүзөгө ашырып келет.

Туризм департаментинин башчысы Нургүл Жапарова Туризм академиясынын тажрыйбасы менен бөлүшүп, меймандостук чөйрөсүндөгү долбоорлордун жүзөгө ашырылышы тууралуу айтып берди.

ПЭРЭТО эксперти Жаныбек Кулумбетов туризм секторунда электр кубатын жана ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу темасын, чакан жана орто ишканалардын керектөөлөрүн жана бул темалар окуунун жүрүшүндө студенттердин билимдери жана көндүмдөрү бизнес, убакыт жана эмгек рыногунун талаптарына жооп бергидей кантип бириктирүү мүмкүн экенин ачып берди.

ОшМУнун туризм кафедрасынын окутуучулары белсемдүү өнөктөштүккө түзүлүп, 2023-жылы окуу программаларын түзүмдүк жана маңыздуу жаңылоону мерчемдештирүүдө. ПЭРЭТО эксперттери туризм секторун жана HoReCaны туруктуу өнүктүрүү максаттарына ылайык, ОшМУга ар тараптуу колдоо жана жардам көрсөтүүгө даяр.

ПЭРЭТО окутуучуларга туризм жана HoReca чөйрөсүндөгү чакан жана орто бизнестин практикалык мисалдары менен окуу куралын-жыйнагын тапшырды, алар ПЭРЭТОнун адистик кенешинин колдоосу менен электр кубатын жана ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-чараларды киргизип, өздөрүнүн чыгымдарын жана курчап турган чөйрөгө терс таасирин азайтышкан. Учурдагы туристтик обьектилерди практикалык жана майда-чүйдөсүнө чейин талдоо студенттерди окутуп-үйрөтүүнүн ажырагыс бөлүгү болуп калат. Долбоордун тематикалык басылмалары келечектеги туризм чөйрөсүндөгү адистер үчүн гана эмес, окутуучулар үчүн да пайдалуу болот.