Семинар-талкулоо “Кыргызстандын туристтик тармагында туруктуу өндүрүштү жана керектөөнү жайылтуунун талаптары жана мүмкүнчүлүктөрү”
05-10-2022

Кыргыз Республикасында туризм чөйрөсү өзүн өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү багыттарын, стратегиялык максаттарын, милдеттерин жана мамлекеттик саясаттын чараларын аныктоону талап кылат. Ар түрдүү эл аралык эксперттердин берген баасында, өлкөнүн туризм тармагы учурда өзүнүн дараметин бардыгы болуп 15%га жакынын гана пайдаланып жатат жана 2028-жылга карата жыл сайын өсүүсү 4,4%ды түзүүдө. Жагымдуу болжолдоого карабастан, 2050-жылга карата электр кубатын жана сууну керектөө, калдыктардын пайда болушу жана күнөскана газ чыгындылары 150 - 250 пайызга жогорулашы күтүлүүдө. Мындай кырдаал 2030-жылга чейинки күн тартибине жана, атап айтканда, керектөөнүн жана өндүрүштүн туруктуу моделдери боюнча ТӨМ 12ге (туруктуу өнүгүүнүн максаттарына) карама-каршы келет.

Андан сырткары, Кыргызстандын туризм секторунун өнүгүшүнө ички түзүмдүн начардыгы жана жетүүнүн (доступ) жетиле электиги, начар маркетинг, адам ресурстарынын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн чектелген дарамети, ошондой эле мамлекеттик колдоонун жетишсиздиги сыяктуу бир катар проблемалар тоскоол болууда. Туризм секторунун негизги кыймылдаткычы болуп саналган чакан жана орто ишканалар (ЧОИ) атаандаштыкка жөндөмдүү бойдон калууга, электр кубаты жана суу менен камсыздоонун ишенимсиздигине, борбордук каналдаштырууну чектөөгө жана таштандыларды чогултууга байланыштуу кыйынчылыктар менен бетме-бет келүүдө. Өндүрүштүн жана керектөөнүн моделдерин өзгөртүү, экономикалык өсүш менен курчап турган чөйрөнүн начарлай баштоосу жана жаратылыш ресурстарынын азайышынын ортосундагы байланышты четтетүү - бул кечиктиргис чечүүнү талап кылган маселелер.

Ушул талаптарды, ошондой эле Кыргызстанда туристтик жана мейманкана кызматтарынын туруктуу өсүшүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен, Европа Биримдигинин SWITCH-Asia программасы Кыргызстанга өзүнүн «Кыргызстандагы туристтик ЧОИлерди электр кубатынын жана ресурстардын натыйжалуулуугун жогорулатуу жолу аркылуу энергетикалык коопсуздук менен туруктуу өсүүгө жардамдашуу» долбоору аркылуу колдоо көрсөтөт” (ПЭРЭТО).

Кыргызстандын туристтик тармагына туруктуу өндүрүштү жана керектөөнү киргизүүнүн талаптары менен мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо үчүн 2022-жылдын 6-октябрында Бишкекте ПЭРЭТО долбоору туризм секторунун негизги катышуучуларынын: эксперттердин, министрликтердин, банктардын, эл аралык жана туристтик уюмдардын жана бизнес-ассоциациялардын катышуусунда семинар-талкуу өткөрөт.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин колдоосу астында, ошондой эле КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Экономика министрлигинин «Жашыл экономика күндөрү-2022» жыл сайынкы демилгесинин алкагында өтөт.

Талкуу Парк Отелде (8:30) төмөнкү темаларга презентация жана панелдик сессиялар форматында өтөт:

  • туризм секторунда туруктуу өндүрүштү жана керектөөнү (ТӨК) жайылтуу боюнча эл аралык тажрыйба;
  • Кыргызстандагы туризм жана меймандостук секторундагы проблемалар;
  • 2023-2033-жылдарга туруктуу туризм боюнча өлкөнүн стратегиясынын долбоору;
  • Кыргызстандын туризм секторуна ТӨКтү киргизүү жолдору;
  • Кыргызстанда “жашыл” экономиканы илгерилетүү үчүн туруктуу туризмди каржылоо.