3600 метр бийиктикте туристтер үчүн ыңгайлуулукту кантип түзүү керек? Абдыразак Нишановдун ийгилик тарыхы
05-09-2022

Ош облусунун Алай районунун Сары-Могол айылындагы «Тулпар-Көл» жайлоосу деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте созулуп, адам кол тийбеген жаратылышы менен көңүл бурарлык. Бул жерде аба ырайы өзгөрүлмөлүү, жайында суук, термометрдин мамычасы 25 градус белгиден ашпайт, бирок күн бир нече мүнөттө күйүп кетиши мүмкүн. Жайлоо менен катар 42 майда көл жана көптөгөн булактар бар.

Бул кооз жерде Ленин чокусунун так этегинде туристтерди жана альпинисттерди кубантып «Ленин чокусу» деген ылайыктуу ат менен боз үй лагери орнотулган. Кожоюну Абдыразак Нишанов да ушул аймактан алыс эмес жакын жайгашкан айылга бардык шарты бар конок үйүн курган.

Ош облусу боюнча ПЭРЭТО долбоорунун адис кеңешчиси Нурлан Ирисовдун сунушу менен ишкер электр кубатын үнөмдөөчү жана ресурстарды үнөмдөөчү чараларды киргизген. Боз үй шаарчасынын аймагына, электр зымдары жок, ысык суу менен камсыз кылуу үчүн күн коллектору, экологиялык тазалык дааратканасы, катуу тиричилик калдыктар үчүн таштанды челектер болгондуктан, жарыктандыруу жана башка муктаждыктар үчүн кубаттуулугу 660 Вт болгон көчмө күн электр станциясын орноткон. Ошондой эле Абдыразак Нишанов сегиз боз үйгө кадимки поддондордон даярдалган бийиктиги 15 сантиметрге чейин жыгач пол төшөгөн, ал боз үйгө жылуулук берет, эң негизгиси өсүмдүктөрдү бүлдүрбөйт.

«Бизде күн коллектору бар болчу, аны 2017-жылы Кытайдан алып келгенбиз, бирок орното албадык, аны кантип туташтырса болот деп кеңеш берди Нурлан Ирисов. Азыр душ абдан жакшы иштейт, сутканын кандай гана убагы болбосун жылуу суу бар. Ошондой эле бардык жерге электр кубатын үнөмдөөчү лампаларды орнотуп, электр кубатын үнөмдөп жатабыз. Бизде экосан даараткана (экологиялык тазалык тутум) бар экенин жакшы жетишкендик деп эсептейм, аны кургак даараткана деп да коюшат. Мен бул технологияга 5 жыл кызыгып, Youtubeдан видеолорду көрүп, анан аны орнотуу боюнча сынактан жеңгем. Биз абдан ыраазыбыз, анткени эч кандай жагымсыз жыт жок. Калдыктар өзүнчө сыйдыргычтыктарга топтолуп, дароо жерге, демек, жер астындагы сууларга түшпөйт. Ал эми кургагандан кийин күлгө айланат, алар жер семирткич катары да колдонулушу мүмкүн. Биздин максат – акча табуу менен, экологияны бузбай, курчап турган чөйрөнү сактап калуу», - дейт Абдыразак Нишанов.

Келечекте “Ленин чокусу” боз үй конушунун ээси душка чакан тазалоочу курулма орнотууну мерчемдеп жатат.

Сары-Могол айылы биздин республикадагы эң суук жерлердин бири болуп саналат, ПЭРЭТОнун эксперттери туристтик жайлардын аймагында үйлөрдү туура жана комплекстүү жылуулоону жана ЖЭБди орнотууну көптөн-көп сунушташат.

Жаңычыл технологияларды жайылтуу боюнча адистик кеңеш алуу үчүн ПЭРЭTO долбооруна ким болбосун кайрыла алат. Кеңешчилердин байланыш телефондору.

Бардык адистик кеңештер акысыз.

Кошумча маалымат: "Кыргызстандын туристтик тармагында электр кубаты жана ресурстардын натыйжалуулугун илгерилетүү" (ПЭРЭТО / PERETO) долбоору Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү тарабынан колдоого алынган.