Ысык-Көл облусунда туризм секторуна жашыл технологияларды туруктуу өндүрүү жана керектөөнү киргизүү мүмкүнчүлүктөр боюнча тегерек стол өткөрүлдү
28-03-2023

Бүгүн, 28-мартта ПЭРЭТО долбоору жана Европанын реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Ыссык-Көл облусунун администрациясынын колдоосу менен Каракол шаарында туризм секторуна жашыл технологияларды туруктуу өндүрүү жана керектөөнү киргизүү мүмкүнчүлүктөр боюнча тегерек стол уюштурушту.

Иш-чара туристтик секторго тиешелүү бардык кызыкдар тараптардын катышуусу менен Кыргызстанда жашыл экономика саясаты жаатындагы эл аралык жана жергиликтүү алдыңкы тажрыйбаларды эске алуу менен Ысык-Көл облусунда туризмди өнүктүрүүдө жашыл технологияларды туруктуу өндүрүү жана керектөөнү киргизүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Жолугушууга 60тан ашык катышуучу келип берди. Министрдин орун басары-Туризм департаментинин директору С.Шатманов белгилегендей, энергоресурстарды туура пайдалануу туризм тармагын туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт жана айлана-чөйрөнү сактоого оң таасирин тийгизет. Ошондой эле өлкөбүздүн калкын, анын ичинде туристтик бизнестин өкүлдөрүн, энергоресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга окутуу жана аларга өз билимдерин практикада колдонууга жардам берүү зарыл экенин кошумчалады.

Алсак, энергетика тармагында ири шаарлардын сыртында электр кубатынын тынымсыз өчүрүлүшү ишканалардын ишин үзгүлтүккө учуратып, чакан жана орто ишканаларга кошумча чыгымдарды алып келет. Учурда өлкөнүн электр кубатынын 85% гидроэнергетиканын эсебинен өндүрүлөт, ал эми климаттын өзгөрүшүнөн электр кубатын камсыздоо күтүүсүз болуп калат.

Мындан тышкары, Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” КР Президентинин №131 жарлыгына ылайык аткарылып жаткан иш-аракеттер тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлү

маалымат берди. Эскерте кетсек, 2023-жылдын 1-январында күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгында Ысык-Көл облусундагы жайкы эс алуу, ден соолукту чыңдоо жайларын инженердик курулмаларсыз иштетүүгө тыюу салынган.

Ага ылайык, менчигинин түрүнө, мекемелик таандыгына карабастан инженердик курулмалары (суу алгыч, суу түтүк, канализация, канализациялык насостук станция, тазалоочу система) жок пансионаттарга, санаторийлерге жана башка эс алуу жайларынын иштөөсүнө, алардын даярдыгы тууралуу паспорт берүүгө тыюу салынган.

Ысык-Көлдөгү пансионат, санаторийлерге тиешелүү 51 саркынды суу тазалоочу жай текшерилди. Экология министрлигинен эс алуу жайларына эскертүүлөр берилип жатканын кошумчалашты. Айрымдарында эреже бузуу аныкталып, 340 миң сомдон ашык айып салынып, доо коюлду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус боюнча жалпы 1021 эс алуу жайы каттого алынган — анын 184ү эс алуу жайы, 837си чакан конок үйлөр. Мамлекеттик курулуш агенттиги 108 саркынды суу тазалоочу жайдын 51ин экологиялык экспертизадан өткөрдү.

Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл облусунда туруктуу туризмди өнүктүрүү боюнча катышуучулардын сунуштарын камтыган Резолюция иштелип чыгат.