Albenaдагы Perpetuum Mobile (түбөлүк кыймылдаткыч)

"Деңиз жээгиндеги курорттун өз алдынча өз жашылча-жемиштерин өндүрүшү - бул азык-түлүк циклин толук камсыздоочу катары алдыңкы практика. Тамак-аш калдыктары электр кубатын жана компосту (жасалма жер семирткич) өндүрүү үчүн анаэробдук реактордо кайра иштетилет. Албена Кара деңиздеги эң ири курорттордун бири, мейманканада өндүрүш чынжырын башкарууда “циклдик” ыкманы пайдалануунун кыйла оң тажрыйбасын көрсөтөт. Компаниянын ээси экологиянын жактоочусу болгондуктан, айыл чарба жана тамак-аш калдыктарын кайра иштетүү үчүн, электр кубаты жана жылуулук когенерациясынын негизинде, анаэробдук блоктон турган биореактор курган. Бөлүнүп чыккан жылуулук күнөсканаларда (курулуштун жүрүшүндө борбордук жылытууга да) жөнөтүлөт жана пайдаланылат. Бышырылган материал суюк жер семирткич катары компаниянын айыл чарба муктаждыктарына, курорттун сейил бактарына жана бакчаларына колдонулат. Фермалар өндүргөн азыктар түздөн-түз мейманканаларга түшөт.

Башынан эле практика көп жагынан жардам берди. Практика жогорку ресурстук натыйжалуулукту камсыз кылууга, компаниянын оң беделин түзүүгө, каржыны үнөмдөө жана азыктын жогорку сапатын камсыз кылууга жардам берди. Ошондой болсо да ашкана калдыктарын керекке жаратуу (утилдештирүү) проблемасы дагы деле чечиле элек, бирок команда аларды чечүүнүн үстүндө иштеп жатат.

Продукциялардын негизги «кардарлары» бул мейманкананын тармактары жана башка бардык туунду компаниялар болуп саналат. Электр кубаты жергиликтүү компаниялар тарабынан жүзөгө ашырылат. Тилекке каршы, дагы деле көптөгөн проблемалар бар, анткени коммуналдык ишкана каалаган убакта электр кубатынын өндүрүлгөн көлөмүнүн баарын пайдалануудан баш тарта алат, станцияда болсо (биореактордо) ишти токтотууга туура келет. Мындай абдан көп кездешет. Жер семирткичтер негизинен компаниянын бакчаларында пайдаланылат, бирок алар жергиликтүү бардык дыйкандар үчүн да жеткиликтүү. Муниципалитет келечекте да кызматташууга кызыкдар экенин билдирет, ошого байланыштуу шаар таштандыларынын бир бөлүгү бул станцияда иштетилет. Кайра иштетүүчү станция каржылык жактан туруктуу - банктын карызын төлөп жана кошумча киреше алып келет. Жакшы практика калдыктарды башкарууну жакшыртууга жана энергетикалык чоң көз карандысыздыкты камсыз кылууга өбөлгө болот.

Бул практика көптөгөн айыл чарба фермердик чарбаларда жүзөгө ашырылышы жана абдан чакан өндүрүүчүлөрдүн биргелешкен долбоору болуп калышы мүмкүн. Андан сырткары, практика жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экологиялык таза «достук» электр кубатын, айыл чарбага био-жер семирткичтерди жана экологиялык таза тамактануу азыктарын камсыз кылууга жардам берет. Ошондой эле, бул практика мамлекеттик органдардын кызыкчылыгын көрсөтүшү мүмкүн, анткени тамак-аш калдыктары тиричилик калдыктарынын негизги компоненти болуп саналат жана аны утилдештирүү же экологиялык коопсуз жол менен тазалоо өтө татаал. Жергиликтүү бийлик органдарынын, фермерлердин, чакан жана орто ишканалардын ортосундагы ишенимдүү кызматташтыктын негизинде окшош, органикалык калдыктардын бардык түрлөрүнө - тамак-аш калдыктары, айыл чарба өндүрүшүнүн калдыктары, жыгач иштетүүчү, консерва өнөр жайлары жана башка жалпы коомчулуктун жыргалчылыгы үчүн биоматериалдарды пайдаланган чакан өнөр жай ишканалары болсун, «циркулярдык» мамилени колдонуу менен, жетишерлик натыйжалуу «уттурбас» долбоорлорду иштеп чыгуу мүмкүн. "