Текстиль HoReCa секторунда интенсивдүү колдонулган материалдардын арасында. Статистикалык маалыматтарга ылайык, мейманканаларда орточо эсеп менен бир керебетке 14 кг кездеме туура келет (анын ичинде шейшептер, сүлгүлөр, формалар, ашкана кездемелери). Мейманканалар көбүнчө текстильди жаңыртышат же кайра сатып алышат, бул жылына бир керебетке 3,5 кг жаңы текстильди түзөт. Бир килограмм текстиль өндүрүшүндө 25 кг СО2 көмүртек изи бар жана 4000–5000 литр суу керектелерин эске алсак, текстильди керектөөнүн жалпы экологиялык зыянын элестетүүгө болот.
Мейманкананын же ресторандын экономикасында текстильди колдонуудагы айланма (циркулярдык) ыкмалар экологиялык изди азайтат жана акчаны үнөмдөйт. Айланма ыкмалар менен биз:
1) жогорку сапаттагы жана бышык материалды колдонуу, практикалык дизайн/кесүү, продукцияны туура иштетүү, сапаттуу оңдоо, чарбада кайра иштетүү аркылуу текстиль буюмдарын мүмкүн болушунча узак убакыт бою колдоно алабыз;
2) жарактуулук мөөнөтү бүткөн текстиль буюмдарын жана алар камтыган материалдарды кайра иштетүү жолу менен акыр аягында андан аркы өмүргө ээ болушун камсыз кыла алабыз
Материалдын иштөө мөөнөтү анын туруктуулугу менен гана эмес, таасир этет. Кээ бир мейманканалар тактардын пайда болуу коркунучун азайтуу жана буюмдун иштөө мөөнөтүн узартуу үчүн ак эмес, боз түстөрдү колдонушат.
Колдонуу мөөнөтү аяктаган текстиль үчүн төмөнкү чечимдерди колдонсо болот:
• Курамында кеминде 50% кебез камтыган шейшептерди жана башка текстильдерди майлык, чүпүрөктөргө кайра иштетүү..
• Баш калкалоочу жайларда/ооруканаларда/хоспистерде кайра колдонуу үчүн шейшептерди жана сүлгүлөрдү түз берүү.
• Конок сүлгүлөрүн тазалоо же ашкана сүлгүлөрүнө кайра иштетүү.
• Дасторконду ашкана формасына кайра иштетүү.