Бишкек жана Ош шаарларындагы кичи жана орто бизнестин өкүлдөрүн жашыл каржылоо жана туруктуу туризм боюнча эл аралык тажрыйбага окутуу
03-10-2022

Кыргызстандагы экономикалык өсүштүн кыймылдаткыч күчү Кыргызстандын туризм тармагы деп эсептелет. Ошондой эле 2018-2040-жылдарга Улуттук өнүктүрүү стратегиясында артыкчылыктуу тармактардын бири. Эсептөөлөргө ылайык, республикада туризм тармагы учурда өзүнүн потенциалынын 15%га жакыны гана колдонуп жатат жана 2028-жылга чейин жыл сайын 4,4% өсүүсү күтүлүүдө.

Ошол эле учурда, туризм секторунун негизги кыймылдаткычы болгон чакан жана орто ишканалар (ЧОИ) атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү сактоодо жана алардын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтууда белгилүү бир кыйынчылыктарга туш болушат. Кыргызстан жашыл экономикага карай алгачкы гана кадамдарды жасап жатат.

Ата-Мекендик бизнес, өзгөчө постпандемия мезгилинин жана Кыргызстандагы узакка созулган энергетикалык кризистин контекстинде мүмкүн болушунча тез арада туруктуу керектөө жана өндүрүш моделине өтүү үчүн жаңы чечимдерди издеп жатат.

Электр энергиясы жана суу менен камсыз кылуу толук кандуу ишенимдүү болбогондугу, ошондой эле канализация жана таштандыларды чогултуу боюнча кызматтардын чектелгендиги эң көп кездешкен көйгөйлөрдүн бири. Мындан тышкары, ири шаарлардын сыртында электр энергиянын үзгүлтүксүз өчүрүлүшү экономикалык ишмердүүлүктү үзгүлтүккө учуратып, чакан жана орто ишканаларга кошумча чыгымдарды алып келет.

Бүгүнкү күндө ПЭРЭТО долбоорунун алкагында төмөнкүлөр ишке ашырылды:

  • Өлкөнүн туристтик аймактарында 10 ПЭРЭТО консультациялык кызматтары түзүлдү;
  • 230дан ашык жеке ишкерлер ЭРН жана ТӨК чаралары боюнча окуудан өтүштү;
  • Туризм тармагында иштеген 806 чакан жана орто бизнес субъекттери ПЭРЭТО долбоору тууралуу маалыматка ээ жана туруктуу керектөө жана өндүрүш практикасын ишке ашырууга кызыкдар;
  • Региондордогу 76 чакан жана орто ишканалар ПЕРЕТОдон түзүлгөн кызматташуу меморандумдарынын негизинде техникалык колдоо алышат;
  • 64 Чакан жана Орто бизнеске кызыкдар экендигин билдиришти жана 50%ы энергетикалык аудиттен өттү;
  • ПЭРЭТОдон консультация алган 4 чакан жана орто бизнестин сайты тышкы жашыл каржылоо булактарынан 214 000 АКШ долларын чогултту;
  • 2 коммерциялык ПЭРЭТО жашыл каржылоо продуктулары өлкөдөгү финансы/банктык мекемелер (Дос-Кредобанк жана КБ Кыргызстан) аркылуу ишке киргизилген;
  • Туризм академиясы тарабынан иштелип чыккан ЭРН жана ТӨК чараларын ишке ашыруу боюнча окуу планы;

3-4-октябрда Ошто жана 7-8-октябрда Бишкекте жашыл каржылоону алуу үчүн бизнес-пландарды даярдоо боюнча чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү үчүн “Жашыл каржылоо жана жеке сектор үчүн туруктуу туризм” темасында тренингдер өткөрүлөт. Ошондой эле тренингдин алкагында Ош жана Чүй облустарында энергия үнөмдөөчү жана ресурс үнөмдөөчү технологияларды ийгиликтүү киргизген туристтик жайларга сайт-визит уюштурулат.

Тренингдер атайын Кыргызстандын туризм тармагындагы чакан жана орто бизнес өкүлдөрү – мейманканалардын, ресторандардын жана кафелердин (HoReCa) ээлери үчүн иштелип чыккан.

Окутуу программасы PERETO долбоорунун өнөктөштөрүнүн интерактивдүү сессияларынан турат / - Туруктуу керектөө жана өндүрүш боюнча кызматташуу борбору - СSCP (Германия) жана Technopolis (Бельгия), Юнисон Групп (Кыргызстан).