2008-жылы негизделген «Европанын Жашыл борбору» номинациясы жыл сайын өзүн экологиялык, социалдык жана экономикалык туруктуулук жаатында лидер катары көрсөткөн 100 000ден ашуун калкы бар Европа шаарына берилет. Гренобль бир нече көрсөткүчтөрдүн негизинде Жашыл борбор деп аталган: климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү, көгөрүп турган бак-дарактарды, өсүмдуктөрдү башкаруу, унаанын альтернативдүү түрлөрүн өнүктүрүү, абанын булганышы менен күрөшүү, калдыктарды кайра иштетүү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо.
Юнисон Групптун ПЭРЭТО долбоору боюнча эксперттери Бакыт Аскарбеков жана Салават Соронбаев мэр Эрик Пьолле жана Гренобль шаарынын администрациясы менен жолугушту.
Кыргызстандын делегациясы ар кандай ийгиликтүү тажрыйбаларды: жылытуу жана унаа үчүн жаңыланып туруучу электр кубатынын булактарын пайдаланууну, курулушка электр кубатын үнөмдөөчү технологияларды киргизүүнү, эскирген жылуулук жана ысык суу менен жабдуу инфраструктурасын жаңы, электр кубаты натыйжалуураакка алмаштырууну жана бизнести жүйөлөштүрүү үчүн жөнгө салуучу аспаптарды пайдаланууну үйрөнүштү.
«Биз тургундарды электр кубаты жана жылуулук менен камсыз кылган күн станциялары орнотулган үйдө болчубуз. Андан сырткары, борборлоштурулган жылуулукту кайтаруучу желдетүү тутуму бар: Башкача айтканда, сыртка чыгуучу аба өз жылуулугун үйгө кирчү абага берет, бул таза абанын ошол бойдон жана жылуу болушуна мүмкүндүк берет. Чыгуучу агым, тескерисинче, муздап, тутумду бүтүндөй электр кубатын үнөмдөөчү кылат.
Дагы бир практика таң калтырды: көп кабаттуу үйлөрдө жамгырдын суусу сыйымдуу идишке агып кирип, ал жерде чыпкаланып, зыянсыздандырылып, кайра ичүүчү муктаждыктарга агып келет. 5 жыл ичинде бул суу текшерилүүдө, анын ичүүгө жарамдуу экенин жыйынтыгы ырастайт, - дейт Бакыт Аскарбеков.
ПЭРЭТО эксперттери ошондой эле Греноблде электр кубаты натыйжалуу технологиялар абдан өнүккөндүгүн белгилешти: бардык жерде тазалоочу курулмалар орнотулган, экологиялык унаалар ишке киргизилген, көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу жашыл электр кубаты менен камсыздалууда, жеке жана муниципалдык уюмдар шаардын туруктуу өнүгүүсүнө чоң салым кошууда.
Катуу калдыктарды кайра иштетүүгө көп көңүл бурулат. «Биз таштандыларды кайра иштетүүчү заводдо болдук, анда калдыктарды кайра иштетүү жана таштандыны керекке жаратуу боюнча мыкты тажрыйбалар менен тааныштык. Завод абдан чоң, анда кайра иштетүүгө болбой турган таштандыларды өрттөйт. Өрттөөнүн натыйжасында электр кубатын алышат, ошону менен бирге имараттын өзүнүн күчтүү чыпкаларынын эсебинен атмосферага зыяндуу чыгындылар чыкпайт, бул абдан экологиялуу мамиле», - дейт Бакыт Аскарбеков.
Ошол эле учурда шаардагы экологиялык жана эстетикалык өзгөрүүлөр кызыктырган туристтердин санынын өсүшүнөн улам шаардын экологиялык көрсөткүчтөрү жакшырып эле тим болбостон, каржылык кирешеси да көбөйгөнүн белгилей кетүү керек.
Бирок француз Альпаларында жайгашкан Гренобль олуттуу көйгөйгө дуушар болууда: Франция боюнча орточо температура 1,4°С түзсө, XX кылымдын башынан бери андагы орточо температура 2°Сге көтөрүлгөн. Бишкек шаары сыяктуу эле Гренобль да тоолор менен курчалган жана ойдуңда жайгашкан, бул шамалдын агымын азайтат жана ошого жараша шаардагы абанын булганышын кармап турат.
Эксперттердин айтуулары боюнча, шаар кайрадан жашоого ыңгайлуу жана коопсуз болушу үчүн, шаарды өнүктүрүү жана анын калкынын көбөйүшүнүн шартында атмосферага көмүр кычкыл газынын чыгындыларын жана башка зыяндуу чыгындыларды азайтуу боюнча комплекстүү мамиле керек.
Кыргызстан акыркы жылдарда дуушар болгон кубаттуулук каатчылыктын шартында жаңыланып туруучу электр кубатынын булактарын өнүктүрүү, муниципалдык жана жеке менчик имараттарды жылуулоону жакшыртуу, ошондой эле электр кубатын үнөмдөө жагынан алганда жаңы имараттарды курууда мыйзамдарды практикалык жүзөгө ашырууну өркүндөтүү, электр кубатын үнөмдөө, шаарларга көбүрөөк бак-дарактарды отургузуу жана зыяндуу чыгындыларды азайтуу зарыл.