​Эмне үчүн «жашыл» технологияларды бизнеске жайылтуу пайдалуу? Максат Дамир уулу менен болгон интервью.
31-05-2022

Туризм Кыргызстандын экономикасынын маанилүү тармактарынын бири бойдон калууда, ошондуктан аны жигердүү илгерилетүү жана өнүктүрүү максатында мамлекет туризм тармактарын өнүктүрүүнүн Мамлекеттик программасын жана Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын иштеп чыккан.

Документтерде жаратылыш ресурстарын кыйла кылдат пайдалануу жана өз жаратылыш байлыктары менен башкаруу, аймактарды өнүктүрүү, экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу жана курчап турган чөйрөнү калыбына келтирүү жолдору аркылуу туруктуу өнүктүрүү принциптери чагылдырылган.

- PERETO долбоору HoReCa жана туризм секторунда электр кубатынын натыйжалуу чараларын илгерилетүү боюнча Кыргызстанда биринчи болуп саналат. Долбоор дагы эмнелерди камтыйт?

- PERETO долбоору туруктуу өндүрүш жана керектөө практикасын, ошондой эле HoReCa жана туризм секторуна жаңыланып туруучу электр кубатынын булактарынын (ЖЭБ) негизинде жабдууларды киргизүүнү камтыйт: курорттор, санаторийлер, пансионаттар, конок үйлөрү ж.б. Долбоор Европа Биримдиги тарабынан SWITCH-Asia программасынын алкагында каржыланат жана Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн Экономика министрлиги жана Туризм департаменти менен кызматташтыкта колдоого алынат.

- Эмне үчүн Кыргызстанга “туруктуу туризм” керек?

- 2019-жылдын октябрында Кыргызстан атмосферага көмүр кычкыл газынын чыгындыларын кыскартуу боюнча милдеттенмени караган БУУнун Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясы боюнча Париж макулдашуусун ратификациялады (эл аралык келишимди мамлекеттик жогорку бийликтин бекитиши). Бул келишимдин жана “жашыл экономикага” өтүүнүн алкагында Кыргызстан өнүккөн өлкөлөр жыл сайын 100 миллиардга жакын доллар бөлгөн жашыл климаттык фонддон каражылоо алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Туристтик кызматтардын туруктуулугуна суроо-талап дүйнө жүзү боюнча ылдамдык менен өсө берет. Ошондуктан, атаандаштыкка кыйла жөндөмдүү болуу үчүн, биздин ишкерлер азыртан эле аракет кылуулары керек.

Туруктуу туризм – жаратылыш ресурстарын сактоо менен заманбап туристтердин керектөөлөрүн канааттандыра турган туризм. Маани берип саякаттоо жана зыян келтирбөө - анын башкы принциби.

- Сиз “жашыл экономикага” өтүү тууралуу айтып жатасыз. Анын башкы принциби эмнеде?

- “Жашыл экономика” – бул ресурстарды натыйжалуу колдонгон жана бүтүндөй коомдун кызыкчылыгына жооп берген, көмүртектүү бирикмелердин чыгындылары төмөн болгон экономика. Дүйнөлүк “жашыл экономикадагы” глобалдык тренддер электр кубатынын натыйжалуулугун жана жаңыланып туруучу электр кубатынын булактарын (ЖЭБ) жайылтуу болуп саналат. Альтернативдүү электр кубатын туруктуу булактардан: күндөн, шамалдан, суудан, биоотундан, суунун киришинен жана тартылышынан алышат. Казылып алынуучу отундардын түрлөрүнөн: - мунайдан, жаратылыш газынан, көмүрдөн айырмаланып бул кубат булактары түгөнбөйт, ошондуктан аларды жаңыланып туруучу деп аташат.

- Кыргызстандагы ЖЭБдин дарамети кандай?

- Тилекке каршы, Кыргызстанда ЖЭБди иш жүзүндө колдонуу 1%дан аз, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча болсо:

өлкөдө күн кубатынын дарамети – жылына 490 млн. кВт-саатка бааланат

• чакан гидроэнергетика (суу кубаты) жылына 5 - 8 млрд кВт саат-бере алат, ал эми өлкөнүн жалпы суу кубатынын дарамети жылына 142.5 млрд кВт-саатты түзөт

• шамал кубатынын дарамети жылына 44,6 млн. кВт-саат

• универсалдуу биокубатты колдонуу мүмкүнчүлүгү 1.3 млрд. кВт-саатты түзөт

• Геотермалдык кубат (жер астындагы жылуулук кубаты) Кыргыз Республикасында жаңыланып туруучу электр кубатынын дагы бир келечектүү, бирок эсепке алынбаган түрү болуп саналат, ал электр кубатын өндүрүү үчүн жердин жылуулугун пайдаланат. Жер астынын табы жердин үстүнкү катмарларын жана жер астындагы көлмөлөрдү жылытууга мүмкүндүк берет. Айрыкча ЖЭБдин бул түрү ысык булактар жер кыртышынын бетине жакын жайгашкан аймактарда натыйжалуу болушу мүмкүн.

Өлкөнүн жалпы суу кубатынын дарамети 142.5 млрд кВт-саат. Ошентип, Кыргызстан КМШда Россия жана Тажикстандан кийинки 3-орунда турат. Бирок өздөштүрүүнүн пайызы болгону 10%.

- Туристтик бизнесте “жашыл” инновацияларды жайылтууну ишкерлер эмнеден баштоолору керек?

Жаңыланып туруучу электр кубатынын булактарын (ЖЭБ) пайдалануу имараттарды жана жайларды жылуулоого, электр кубатын, отунду, сууну, тиричилик материалдарын керектөөнү кыскартууга, калдыктардын санын, саркынды суулардын булганышын азайтууга, жалпысынан жергиликтүү экосистемага тийгизген таасирин төмөндөтүүгө жана жергиликтүү коомчулук үчүн экономикалык пайданы жогорулатууга жардам берет.

Объекттин энергоаудитин жүргүзүү: тиричилик жана керектелүүчү материалдарды эсептөөдөн айырмачылыгы, аны өзүңүз жасай аласыз, энергоаудитти адистерге тапшырган дурус. PERETO долбоору пансионаттарга, мейманканаларга, отелдерге, конок үйлөрүнө, боз үй лагерлерине, жатаканаларга, ресторандарга жана кафелерге адистерди жиберүү менен энергоаудиттерди жүргүзөт, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында электр кубатын үнөмдөө чараларын жайылтуу боюнча консультацияларды берет. Бардык зарыл байланыштар биздин сайтта жана социалдык тармактарда бар: Instagram, Facebook

- Электр кубатын үнөмдөөчү технологияларды жайылтуу бизнестин чыгымдарын канча пайызга азайтат?

- Жалпысынан айтканда 20%дан 50%га чейин. Ошол эле учурда, чыгашаларды азайтуунун так көрсөткүчтөрү бизнес койгон максаттарга жана жайылтылып жаткан айкын технологияларга жараша болот: бул имараттарды жылуулоо, күн такталарын же автоматташтырылган газ казандарын орнотуу ж.б. Ар бир бизнес-объекти үчүн биз жекече кеңештерди, сунуштарды жана эсептөөлөрдү даярдайбыз. Ошол эле учурда, масштабына карабастан, электр кубатын үнөмдөө боюнча кандай гана болбосун чаралар ишкерлердин чыгымдарын азайтууга жардам берет. Үнөмдөөнүн натыйжасында бошотулган каражаттар, башка нерселер менен катар, көптөр жасагандай, бизнести кеңейтүүгө багытталышы мүмкүн.

Алсак, Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээгинде жайгашкан TES мейманканасынын ээси курулгандан баштап жашыл технологияларды киргизүүгө киришкен. Эки кабаттуу имарат 21 бөлмөдөн турат, экинчи кабаты жеңил конструкциялардан жасалып, имараттын өзү кирпичтен курулган, бүт периметри боюнча светодиоддук жарык орнотулган. Биздин кеңешибиз боюнча мейманкана электр кубатынын натыйжалуулугу А+ жогорку класска тиешелүү идиш жуугуч, кир жуугуч жана кургаткыч сатып алды. Мунун баары мейманканага электр кубатын, сууну жана жуучу каражатты үнөмдөөгө мүмкүндүк берди.

Ош шаарындагы Sun Rise мейманканасынын ээси Зумрат Ибраимжанова отелге 4 жаңы автоматташтырылган газ казандарын орнотту. Натыйжа кандай: имарат ичи жылуураак болуп, кардарлар болсо көбөйдү. Ошондой эле мейманканага күн коллекторлору жана жылуулук насостору орнотулган. Кезекте сууну үнөмдөө чаралары үчүн 60тан ашык сенсордук чабыштыргыларды орнотуу турат.

Аймактардагы чакан отелдин дагы бир кожоюну былтыркы кышта газ менен жылытууга 1000 доллардан ашык каражат жумшап, имаратты жылытууга каражаттын 20%ы үнөмдөлгөндүгүн айтты. Сырткы бөлүгүн жылуулагандан кийин үнөмдөө 50%дан ашыкты түзөт.

- Азыртадан эле ЖЭБ тармагындагы бизнеске мамлекет кандай преференцияларды (жеңилдиктерди) сунуштап жатат?

- Кыргызстанда “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” мыйзам 2008-жылы эле кабыл алынып, 2019-жылы июнь айында бажы жана салык жеңилдиктерине тиешелүү өзгөртүүлөр кабыл алынган. Жаңы эрежелер ишкерлерди төмөндөгүлөрдөн бошотту:

  • электр кыймылдаткычы менен иштеген унаа каражаттарын, ошондой эле ЖЭБди пайдаланууга негизделген энергетикалык орнотмолордун курулушу үчүн товарларды жана жабдууларды импорттоодо КНСти (12%) төлөөдөн

• электр жана жылуулук кубатын, газды жана газ абалындагы кайра жаңылануучу отундарды, суюк биоотундарды өндүрүүчүлөр, ошондой эле ЖЭБди пайдаланууга негизделген энергетикалык орнотмолордун ээлери ишке киргизилген күндөн тартып 5 жылдык мөөнөткө киреше салыгынан (10%)

- Турбизнеси боюнча бүгүнтөн эле баштай турган сунуштар барбы?

- Ооба.

• материалдарды натыйжалуураак пайдалануу (тазалоочу каражаттар, текстиль буюмдары, кеңсе кагазы)

• сууну үнөмдөө (крандардын, суу чабыштыргылардын, душтардын жарамдуулугуна көз салуу, унитаздардын үнөмдүү моделдерин пайдалануу, кир жуучу жайларда сууну үнөмдөө, жамгырдын суусун чогултуу жана пайдалануу)

• саркынды сууларды башкаруу (автономдуу канализация тутумдарын киргизүү, боз (кир) сууларды пайдалануу, жасалма саздар тутумундагы саркынды сууларды тазалоо)

• калдыктарды башкаруу жана алдын алуу (таңгактоо, калдыксыз циркулярдык (айланма) чечимдерди колдонуу, жаңы жабдууларды сатып алуунун ордуна эски жабдууларды оңдоо, таштандынын ордуна эмеректерге экинчи өмүр берүү, тиричиликтик катуу калдыктарды сорттоо жана кайра иштетүү, тамак-аш калдыктарын кайра иштетүү, тамак-аш калдыктарын экоотунга кайра иштетүү)

• эко-чийки заттар жана эко-өнүмдөр менен камсыз кылуу

• аймактарды экологиялык башкаруу (экологиялык жана экономикалык бакчаларды жана жашылдандырылган аймактарды түзүү, тамчылатып сугарууну, ошондой эле башкарылуучу жана натыйжалуу сугат тутумдарын пайдалануу).

Интервью Economist.kg сайтында жарыяланган