ПЭРЭТО: КРнын дээрлик бардык аймактарында жогорку сапаттагы ЖЭБдин (ВИЭ) жабдууларын жөнөтүүчүлөрдүн таңсыктыгы сезилерлик
04-02-2022

Ушуга байланыштуу, PERETO жогорку сапаттагы ЖЭБдин жабдууларын жөнөтүүчүлөрүн аймактарда өз компанияларынын филиалдарын ачуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууга чакырат.

Учурда, PERETO долбоорунун кеңешчилерини маалыматы боюнча, HoReCa жана туризм секторунун ишкерлеринин (мейманканалардын, санаторийлердин, конок үйлөрүнүн, отелдердин, жатаканалардын (хостелдердин), тоо лыжа базаларынын, боз үй лагерлеринин, ресторандардын, кафелердин, чайканалардын/чарпаялардын) жаңыланып туруучу электр кубатынын булактарынын (ЖЭБ) негизинде жабдууларды орнотууга карата туруктуу кызыгуусу байкалууда.

Ошондой болсо да, аймактардагы көпчүлүк ишкерлер (Чүй жана Ысык-Көл областтарын кошпогондо) аймактарда ЖЭБ жабдууларды жөнөтүүчүлөрдүн жетишсиздигинин курч проблемасына туш болушат. Ошондой эле, ишкерлер «жашыл» инновациялардын натыйжалуулугун көрүп жана баалоо үчүн, ЖЭБдин негизиндеги жабдууларды көрсөтмөлөп көрүү мүмкүнчүлүгүн берүүлөрүнө абдан кызыкдар.

Мындан тышкары, PERETO кеңешчилеринин айтымында, аймактардан келген ишкерлер жергиликтүү кесипкөй монтаждоочулардын жана ЖЭБ жабдууларын жөндөөчүлөрдүн жетишсиздигинен кыйынчылыктарга туш болушат.

Эске салсак, жаңыланып туруучу электр кубатынын булактары (ЖЭБ) туруктуу булактардан: күндөн, шамалдан, суудан, геотермалдык булактардан, биоотундан, суу ташкынынан, суунун тартылышынан алынат. Казылып алынган отундардан - мунайдан, жаратылыш газынан, көмүрдөн айырмаланып бул энергия булактары түгөнбөйт, ошондуктан алар жаңыланып туруучу деп аталат.

Азыртадан эле мамлекет ЖЭБ чөйрөсүндөгү бизнеске кандай жеңилдиктерди сунуштап жатканы жөнүндө кыскача?

  • электр кыймылдаткычы менен иштеген унааны, ошондой эле ЖЭБди пайдаланууга негизделген электр орнотмолорун куруу үчүн товарларды жана жабдууларды импорттоодо КНСти (кошумча нарк салыгы) (12%) төлөөдөн
  • электр жана жылуулук кубатын, газды жана газ абалындагы жаңыланып туруучу отундарды, суюк биоотундарды өндүрүүчүлөр, ошондой эле ЖЭБди пайдаланууга негизделген электр орнотмолорунун ээлери ишке киргизилген күндөн тартып 5 жылдык мөөнөткө киреше салыгынан (10%)