Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактарынын потенциалы кандай?
30-11-2021

“Жашыл” экономика - бул ресурстарды натыйжалуу пайдаланган жана бүткүл коомдун кызыкчылыгына жооп берген көмүртектүү кошулмалардын чыгындысы төмөн экономика деп айтылат БУУнун айлана-чөйрө боюнча программасынын (UNEP) баяндамасында. Дүйнөлүк “жашыл экономикада” глобалдык тренддер болуп электр кубатынын натыйжалуулугун жана жаңыланып туруучу электр кубатынын булактарын (ЖЭБ) жогорулатуу болуп саналат.

Альтернативдик электр кубатын туруктуу булактардан: күндөн, шамалдан, суудан, геотермалдык булактардан, биоотундан, ташкындан жана тартылуудан алышат. Казып алынуучу отундардан айырмаланып: мунай, жаратылыш газы, көмүр - бул энергия булактары түгөнбөйт, ошондуктан алар жаңыланып туруучу деп аталат. 2019-жылы эле дүйнө жүзү боюнча жалпы кубаттуулугу 200 ГВт болгон жүз миңдеген объектилер (ЖЭБ) орнотулган.

Энергетика жана жер казынасын пайдалануу, Мамлекеттик өнөр жай комитетинин маалыматы боюнча, тилекке каршы, Кыргызстанда ЖЭБдин иш жүзүндө колдонулушу 1%дан аз:

  • өлкөнүн күн кубатынын дарамети жылына - 490 млн кВт/саатка бааланат;
  • чакан гидроэнергетика жылына 5-8 млрд кВт/саат бере алат, ал эми өлкөнүн жалпы гидроэнергетикалык дарамети 142,5 млрд кВт/саатты түзөт;
  • Шамалдын кубатынын дарамети жылына 44,6 млн кВт/саатты түзөт;
  • универсалдуу биоэнергияны пайдалануу мүмкүнчүлүгү жылына 1,3 млрд кВт/саатка барабар;
  • КРдагы ЖЭБдин дагы бир келечектүү, бирок эсепке алынбаган түрү – бул геотермалдык электр кубаты, ал электр кубатын өндүрүү үчүн жердин жылуулугун пайдаланат. Жер астындагы температура жердин жогорку катмарларын жана жер астындагы суу көлмөлөрүн жылытууга мүмкүндүк берет. Айрыкча ЖЭБдин бул түрү ысык булактар жер кыртышына жакын жайгашкан аймактарда натыйжалуу болушу мүмкүн.