Туризмге ЭРНди киргизүүнүн проблемалары жана келечеги: маалымат, мамлекеттик колдоо, жаңы каржылык продуктулар
27-07-2021

ПЭРЭTO долбоорунун командасы 9, 10 жана 11-февралда Кыргызстандын туризм секторундагы проблемалар жана электр кубатынын-ресурстардын натыйжалуу технологияларын киргизүүнүн келечегин талкуулаган катышуучулар бир катар онлайн пикир- талаштарды өткөрүштү.

Бардык кызыкдар тараптар бир виртуалдык аянтчага чогулушту: мамлекеттик органдар, банктар, туристтик ассоциациялар, электр кубатын жана ресурстардын натыйжалуу технологияларын жөнөтүүчүлөр, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана, албетте, HoReCa сектору - мейманканалардын, кафелердин, ресторандардын, боз үй лагерлеринин, жатаканалардын, эс алуу үйлөрүнүн, пансионаттардын ээлери.

Иш-чаранын максаты - бардык катышуучулардын ортосунда жигердүү пикир алмашууну уюштуруу жана Кыргызстандагы меймандостук чөйрөсүнүн проблемаларын ачып көрсөтүү, андан кийин, Кыргызстанда туризм туруктуу өнүгүшү үчүн, чогуу натыйжалуу чечимдерди табуу жана иш-чаралардын/иш-аракеттердин биргелешкен планын иштеп чыгуу болчу.

Онлайн-пикир талаштын ар бир күнү талкуулоо үчүн жаңы темага арналды:

1-күн - ЭРН жана ТӨК практикаларын киргизүү үчүн жагымдуу чөйрө түзүү, Кыргызстандагы экологиялык саясатты талкуулоо;

2-күн - туризм секторунун ишканаларын жана ЭРН жана ТӨК боюнча керектөөчүлөрдү колдоо;

3-күн - ЭРН жана ТӨК практикаларын киргизүү үчүн жашыл каржыларга жетүү.

HoReCa секторунун өкүлдөрү пикир-талашка активдүү катышты, окутуп-үйрөтүүчү тренингдерден өтүүнү каалашарын, ошондой эле ЭРН жана ТӨКтү өз ишканаларына киргизүүгө кызыгуусун билдиришип, көптөгөн суроолорду беришти. Бирок, бул нерсени так, ар тараптуу мамлекеттик жана каржылык колдоосуз аткаруу мүмкүн эместигин белгилешти. Бизнес тоскоолдуктардын бири катары бизнес банктардагы насыялардын жогорку пайыздык чендеринен көрөт.

Пикир-талашка катышкан банк өкүлдөрү туризм секторун приоритеттүүлөрдүн (биринчилердин) катарында деп карашарын баса белгиледи жана туристтик бизнес менен жашыл технологияларды өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

“Керемет” банкынын насыяны башкаруу бөлүмүнүн башчысы Канат Карагулов мындайча айтты: “Эгерде биз калктын жашыл технологияларга жетүү болуусун кааласак, мамлекеттен колдоо керек. Мисалы, “Айыл чарбасын каржылоо” долбоорундагыдай, өкмөт фермерлер үчүн насыянын пайыздык өлчөмүн колдоп жардам бергендей. Биз жашыл экономиканы өлкөбүзгө киргизүү үчүн биргелешип иштешкенге жан дилибиз менен даярбыз. Маркетингге жана жарнамага инвестиция салууга, коомчулукка жана бизнеске маалымат берүүгө, жаңы жашыл каржы продуктуларын иштеп чыгууга даярбыз. Эгерде салынган каражаттар акталса, дагы экономикага пайда алып келсе, көрөбүз“.

ПЭРЭTO долбоору жаңы каржы продуктуларын жана жашыл каржылоо боюнча схемаларды иштеп чыгуу үчүн, HoReCa секторунун өзгөчөлүктөрүн жана ЭРН / ТӨКтүн инвестицияларды колдогон чараларын чагылдырган бир нече ушундай талкуу-жолугушууларды өткөрүүнү, андан соң аларды HoReCa сектору менен кызматташтыкта иштелип чыккан, ылайыктуу долбоорлордо сынап көрүүнү пландаштырууда.