ПЭРЭТОнун киришүү семинары : милдеттери, максаттары, пландары
27-09-2021

9-сентябрда ПЭРЭTO өзүнүн биринчи иш-чарасы - киришүү семинарын өткөрдү. Долбоор Кыргызстандагы туризм тармагындагы туруктуу электр кубатын жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга комплекстүү мамилени колдонот. Иш-чарага негизги өнөктөштөр жана долбоор менен анын натыйжалары кимдерге арналган болсо - мамлекеттик органдар, HoReCa сектору (мейманканалар, ресторандар, кафелер, жатаканалар, конок үйлөрү) жана бизнес ассоциациялар, жашыл технологияларды жөнөтүүчүлөр, жогорку окуу жайлары катышты.

Долбоор өкүлдөрү иш-чарага жигердүү катышкан адистештирилген мамлекеттик органдардын - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ар тараптуу колдоосун күн мурун камсыз кылды.

«Бул долбоор Кыргызстандын туризм секторуна көп пайдалуу нерсе берет деп ишенем. Энергетикалык коопсуздук жана туруктуу өнүгүүгө умтулуу – туризм чөйрөсүндө гана эмес, жалпысынан биздин өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттары болуп саналат. Туризм департаменти ПЭРЭTO долбоорун бардык баштамаларында кызматташууга жана колдоого даяр», - деп билдирди Кыял Кенжематова, КРнын ММТКнын алдындагы Туризм департаментинин директорунун орун басарынын милдет ордун аткаруучусу.

Долбоордун командасы өздөрүнүн төрт жылдык ишинин милдеттери, пландаштырылган иш-чаралары жана күтүлүп жаткан натыйжалары (долбоор 2020-жылдан 2024-жылдар аралыгында жүзөгө ашырылууда), ошондой эле кандай иштер аткарылып жаткандыгы жөнүндө кеңири айтып беришти.

Ошентип, марттан баштап социологиялык изилдөөнү - айлана-чөйрөнү коргоо, электр кубатын жана ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, туруктуу өндүрүш жана керектөө жаатындагы алардын билим деңгээлин аныктоо үчүн HoReCa секторун жана керектөөчүлөрүн сурамжылоого киришти. Изилдөөнүн жыйынтыктарын 2021-жылдын башында кеңири тааныштыруу пландаштырылууда.

Изилдөөнүн жүрүшүндө топтолгон маалымат туризм секторунун өкүлдөрү үчүн окутуп-үйрөтүүчү тренингдерди, ошондой эле өлкөнүн университеттери кийин өздөрүнө кийирип ала турган окуу программаларын иштеп чыгууга колдонулат. Изилдөөнүн натыйжаларынын негизинде, ошондой эле керектөөчүлөр үчүн туруктуу керектөө жана экологиялык жашоо образына карата, Кыргызстан үчүн ыңгайлаштырылган, электрондук колдонмону иштеп чыгуу пландаштырылууда.

Туруктуу өндүрүш жана керектөө жана электр кубатынын натыйжалуулугу боюнча китепканасы менен онлайн платформаны, бүткүл өлкө боюнча консультативдик борборлор тармагын, HoReCa сектору үчүн жашыл сертификаттоонун чен-өлчөмдөрүн, каржылоонун жашыл аспаптарын көптөгөн жана башкаларды түзүү пландарда бар.

""Долбоор, айрыкча алыскы региондордогу чакан жана орто бизнести жашыл каржылоого жетүүсүн кеңейтүүгө жана улуттук деңгээлде тиешелүү саясатты иштеп чыгуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жардам берет деп үмүттөнөбүз"", - деп белгиледи “Юнисон Групптун” Президенти Нурзат Абдырасулова.

Долбоордун акырында 300 чакан жана орто туризм ишканалары окутуп-үйрөтүүдөн өтүп, алардын 50сү өздөрүнө жашыл технологияларды киргизүүдө техникалык колдоо алышат деп күтүлүүдө.

Долбоордун маанилүү компоненти болуп калкка - туристтерге жана жергиликтүү тургундарга экологиялык билим берүү, күнүмдүк турмушка экологиялык жүрүм-турумду киргизүү болуп саналат. Маалыматтык өнөктүктүн жана долбоор тарабынан иштелип чыккан digital-продуктуларынын (санарип) жардамы аркасында болжол менен 300 000 кыргызстандыкты тартуу пландаштырылууда.

Киришүү семинарынын максаты долбоор жөнүндө айтып гана койбостон, ошондой эле бардык кызыкдар тараптар менен кербайланыш түзүү. Иш-чаранын катышуучулары долбоордун актуалдуулугун жана анын максаттарынын Кыргызстандагы туризм тармагынын керектөөлөрүнө шайкештигин белгилешти. Иш-чара ошондой эле башка демилгелер жана дараметтүү өнөктөштөр менен байланышты ачып көрсөтүүгө жардам берди.