Кыргызстанда туризм тармагында ыктыярдуу экосертификацияны пилоттук түрдө өткөрүү процесси башталды
08-09-2023
ECO KG ыктыярдуу экосертификациясынын пилоттук схемасы "Кыргызстандын туристтик тармагында электр кубаты жана ресурстардын натыйжалуулугун илгерилетүү" (ПЭРЭТО / PERETO) долбоордун алкагында иштелип чыккан. Долбоор SWITCH-Asia программасынын алкагында Европа Биримдиги тарабынан каржылык колдоого алынган.


Экосертификаттоо же эко-энбелги - курчап турган чөйрөгө тийгизген таасири азыраак өнүмдөрдү жана кызматтарды, окшош өнүмдөргө жана кызматтарга караганда, таануу жөнүндө күбөлүк.

2022-жылдын 1-январына карата КРда туризм секторунда алек болгон 118 миңден ашык субъект катталган. Эксперттердин айтымында, меймандостук индустриясындагы эко-энбелгилер кардарларга туруктуу өнүгүүнүн кандай усулдары киргизилгендиги жөнүндө маалымат берет. Сапатты баалоо Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө, Египетте, Японияда ж.б. колдонулат.

Эко-энбелги эко-мейманканаларга, эко-кафелерге ж. б. кошумча суроо-талапты жогорулатат. Ошентип бизнес секторунун курчап турган чөйрөгө тийгизген таасири жумшарат.

Алгачкы этапта эко-сертификаттоону киргизүү ПЭРЭТО долбоорунун алкагында ишке ашырылат. Эко-аудит жүргүзүлүп, сапат белгиси бериле турчу 20 мейманкана, кафе-ресторандар тандалып алынат. Анын аныктыгын маалыматтар базасынан текшерүүгө болот.

“Эко-маркировка кыргыз туризминин ири долбоорлордун бири десек жаңылышпайбыз. Дүйнө жүзү бүгүн жашыл экономика багытында жигердүү иш жүргүзүп келе жатканын байкасак болот жана биздин мамлекет бул багытта өзүнүн салымын ушул сыяктуу долбоорлор менен толуктаса болот. Ыктыярдуу эко-маркировканы HoReCa тармагына киргизүүдөгү биринчи кадамына @pereto.kg долбоору колдоо көрсөттү жана аталган долбоор мамлекеттик денгээлде болооруна аракетибиз күч”.

Толук репортаж бул шилтемеде