Кыргызстандын туризм чөйрөсүндөгү электр кубатын жана ресурстарды үнөмдөө боюнча ПЭРЭТО ДОЛБООРУНУН БАШТАЛЫШЫ
27-07-2021

2020-жылдын 3-4-мартында Ташкент шааарында (Өзбекстан) жакынкы 3-4 жылда Борбор Азия аймагында жүзөгө ашырыла турган туруктуу керектөө жана өндүрүү боюнча долбоорлордун биринчи консультациялык жолугушуусу өткөн. Кыргызстанда туруктуу туризмди өнүктүрүүгө арналган жети долбоордун бирин БААУнун Тянь-Шань Аналитикалык Борбору (TAБ) үч өнөктөш уюм - UNISON Group (Кыргызстан), Technopolis Group (Бельгия), Collaborating CenterСSCP (Германия) менен биргеликте ишке ашырууда.

Жолугушууну SWITCH- Asia Туруктуу Керектөө жана өндүрүш фонду Европа комиссиясынын Эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү Башкы директоратынын (DG DEVCO) жана Борбордук Азиядагы Европа биримдигинин Өкүлчүлүктөрүнүн колдоосу менен уюштурулду.

Иш-чарага Борбор Азиянын 4 өлкөсүнөн - Кыргызстандан, Өзбекстандан, Казакстандан жана Тажикстандан, саясатчыларды, эксперттерди, жарандык коомду, эл аралык уюмдарды кошкондо, 60ка жакын адам катышты.

Катышуучулар Европа Биримдигинин SWITCH- Asia туруктуу керектөө жана өндүрүү боюнча - EU SWITCH-Asia Programme гранттык программасы колдоого алган Борбордук Азиядагы долбоорлорду бири-бирине сунуш кылышты. Долбоор Кыргызстандын туризм тармагында электр кубатын жана ресурстук натыйжалуу технологияларды илгерилетүүгө багытталган, ошондуктан ПЭРЭTO (PERETO) деп аталат.

Ал 4 жылга - 2020-жылдан 2024-жылдарга чейин эсептелген. Бул убакыт аралыгында өлкөнүн ар кайсы аймактарынан электр кубатын жана ресурстарды үнөмдөөчү технологиялар киргизиле турган бир нече пилоттук мейманканаларды /конок үйлөрүн/ жатаканаларды тандап алуу; HoReCa чөйрөсүндөгү чакан жана орто ишканалар үчүн тренингдерди жана консультацияларды өткөрүү; туристтик тармактын өкүлдөрүнө жардам берүү үчүн онлайн платформаны жана окуу модулдарын, маалыматтык брошюраларды иштеп чыгуу; экологиялык сертификация схемаларын иштеп чыгуу; HoReCaнын керектөөлөрүнө ыңгайлаштырыла жана секторго ушундай технологияларды алууга жардам бере турган, жана башка көптөгөн ""жашыл"" каржылык аспаптарды иштеп чыгуу жана сыноо пландаштырылууда.

Өлкөнүн туристтик секторунда чакан жана орто бизнести түздөн-түз колдоодон сырткары, ПЭРЭTO бизнес-ассоциациялары, мамлекеттик органдар, каржы институттары, технологияны жөнөтүүчүлөр жана электр кубатын үнөмдөөчү кызмат көрсөтүүчүлөр, жождор, жергиликтүү коомдоштук жана туристтер менен кызматташууну пландаштырууда.

Долбоордун акырында, 2024-жылы туристтик сектордогу чакан жана орто ишканалардын кеминде 20% өздөрүнө тигил же бул электр кубатын үнөмдөөчү технологияларды киргизет деп күтүлүүдө. Жана бардыгы, улуттук деңгээлде тиешелүү саясатты иштеп чыгуу жана кабыл алуу үчүн, жагымдуу шарттарды түзүшөт.

ПЭРЭТОнун айырмалоочу өзгөчөлүгү экотутумду сактоо жана материалдык чыгымдарды төмөндөтүү менен, жаратылыш ресурстарын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдаланууга жардам берген технологияларды колдонуу (сууну, электр кубатын, пластмассаны ж. б. таштандыларды азайтуу, экологиялык таза материалдарды пайдалануу ж.б.) болуп саналат.

Келечекте мындай иш-аракеттер Борбор Азия өлкөлөрүнө жашыл экономиканы (же айлана, циклдик экономиканы) өнүктүрүүгө, кыйла туруктуу өнүгүүгө, ошондой эле планетада климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин жеңилдетүүгө жардам берет. Долбоор өлкөдөгү чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багытталган.