Кафе «Бай-Төр»: жылуулоонун жардамы менен жайлуулукту жогорулатуу жана ресурстарды үнөмдөө аркылуу бизнести жакшыртуу

«Бай-Төр» кафесинин ээси Таалайбек Осмонов, ресурстарды оптимизация кылуунун жана коноктор үчүн ыңгайлуу чөйрө түзүүнүн маанилүүлүгүн түшүнүп, жылуулук жоготуунун булактарын аныктоо жана андан кийин жылуулоо үчүн имаратка изилдөө жүргүзүүнү чечкен. Эксперттер менен биргеликте жылуулоо боюнча программа иштелип чыккан жана ишке ашырылган, бул кафенин ишинде олуттуу жакшыртууларга алып келген.

Жүргүзүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, кафенин имараты олуттуу жылуулук жоготуудан жабыр тартып келген, бул бөлмөлөрдүн ичиндеги микроклиматка терс таасирин тийгизген жана энергия чыгымдарын көбөйткөн. Таалайбек имаратты жылуулоону чечет, бул кафенин ички шарттарын олуттуу түрдө жакшыртууга мүмкүндүк берген: мурда байкалган ным тартуу жана көгөрүүлөр жоголду. Ушул чараларды ишке ашыруунун жыйынтыгында энергия керектөө 20% төмөндөдү.

Жылуулоо иштери жүргүзүлгөнгө чейин кафени жылытууга жыл сайын 21 тонна көмүр сарпталчу, бул эксплуатациялык чыгымдарды олуттуу көбөйтүп, айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизчү. Жылуулоо боюнча сунушталган бардык чараларды ишке ашыруудан кийин көмүрдү керектөө жылына 15 тоннага чейин кыскарган. Мындан тышкары, бөлмөлөрдөгү жайлуу температураны колдоо үчүн 13 кВт калориферлер колдонулчу, ал эми жылуулоодон кийин алардан толук баш тартууга мүмкүн болду.

Имараттагы температураны жогорулатуу жана нымдуулукту жоюу кафеге келген коноктордун санынын алда канча көбөйүшүнө алып келди. Кыш мезгилинде кардарлар эс алуу үчүн жылуу жана жайлуу орундарды өзгөчө баалашат. Таалайбек белгилегендей, түзүлгөн жакшы шарттардан улам кардарлар көбүнчө анын кафесин тандашат, бул бизнестин кирешесине оң таасирин тийгизүүдө.

Таалайбек Осмонов жакынкы келечекте күн батареяларынын базасында жылытууга жана жарыктандырууга өтүүнү, ошондой эле жашыл технологияларды пайдалануу аркылуу жылуу суу менен камсыз кылууну уюштурууну пландап жатат. Бул чаралар кафенин салттуу энергия булактарына көз карандылыгын азайтат жана узак мөөнөттүү келечекте эксплуатациялык чыгымдарды жетиштүү түрдө кыскартууга мүмкүндүк берет.

Алынган пайдалар

Ишке ашырылган жылуулоо чаралары буга чейин олуттуу пайда алып келди: айтсак энергия үнөмдөө жылына 12,344 МВтс түздү, ал эми CO2 бөлүп чыгаруу жылына 0,83 т кыскарды. Таалайбек Осмонов бардык мейманкана жана ресторандык бизнестин ээлерине энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу боюнча чараларды колдонууга киргизүүнү сунуштайт, анткени алар коноктор үчүн жайлуу жана жагымдуу чөйрө түзүп, ишкананын кирешелүүлүгүнө оң таасирин тийгизет. Мындан тышкары, энергияны үнөмдөөчү технологияларды пайдалануу ресурстарды олуттуу үнөмдөөгө жана эксплуатациялык чыгымдарды төмөндөтүүгө шарт түзөт. Мунун баардыгы узак мөөнөттүү келечекте бизнес ээсине бир кыйла акча каражатын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.