Кубанычбек Качкынбаев Жалал-Абад шаарында туулуп, өскөн. Математикалык багыттагы атайын мектепти бүтүргөн, ал эми университетте жогорку математика боюнча олимпиаданы утуп алган. Кийин Жалал-Абад шаарында Европадан келген туристтер үчүн "Good Night" отелин ачкан. Чет өлкөлүк туристтерди кантип тартыш керек? Нөлдөн баштап өзүнүн отелин ачышта кандай татаалдыктар бар жана ал кандай кыйынчылыктарга учураган? Өзүнүн бизнесин кантип кеңейте алды? Ушулар жөнүндө маектен окуңуздар.
- Кубанычбек, саламатсызбы, сизге Limon Media кайрылып жатат! Өзүңүз жөнүндө, бала чагыңыз, үй-бүлөңүз жөнүндө айтып берсеңиз? Кай жактан болосуз?
Кубанычбек: Мен Жалал-Абаддан болом, ушул жерде туулуп, өскөнмүн. Ушул шаардагы №14 мектепте окугам. Үй-бүлөдө төрт балабыз, мен эң кичүүсүмүн. Бир байкем, эки эжем бар. Мен 37 жаштамын. Мектепти бүтүргөндөн кийин Ош шаарында Ош технологиялык университетинде байланышчы инженер адистиги боюнча окудум.
- Мектепте кандай окудуңуз эле? Кайсы сабактарды айрыкча жакшы көрчүсүз?
Кубанычбек: Биздики атайын мектеп болчу, физика-математикалык багыттагы лицей. Класста болгону 11 окуучу болчубуз. Албетте, мен математиканы жакшы көрчүмүн. Жакшы окудум, бирок гуманитардык сабактардан бир аз аксачумун.
Апам математика мугалими, атам илимдин кандидаты. Үй-бүлөбүз баарыбыз тең илим жолундабыз десем болот.
- Окуп жүргөндө олимпиадаларга катыштыңызбы, кандай академиялык жетишкендиктериңиз бар?
Кубанычбек: Мектепте математика, геометрия, физика боюнча олимпиадаларга катышып, областтык деңгээлге чейин баргам. Университеттин биринчи курсунда Ошто жогорку математика боюнча биринчи орунду алгам. Жөнөкөй эмес, жогорку математика болгондуктан ал жактын маселелери аябай татаал.
- Мейманкана тармагына кандайча келип калдыңыз?
Кубанычбек: Университеттен кийин ар түрдүү тармактарда иштеп, көп нерсени байкаштырып көрдүм. Бул тармакта иштеп калганыма эжелеримдин кыйыр таасири болду. Алар экөө тең англисче жакшы билишет, мени да англисче үйрөн дешти. Мен тил боюнча курска барып, аны бүтүргөндөн кийин Бишкекте Эл аралык мектепке орноштум. Ал жерде үч жылдан ашык иштедим, негизги максатым тилди жакшылап билүү болчу.
Анан Жалал-Абадга кайтып келдим, үйлөндүм. Бул жерде да Билимкана жеке мектебине ишке орноштум. Адегенде директордун жардамчысы болуп иштедим, анан директорго чейин жеттим. Ошентип, ар түрдүү жумуштарда иштеп жүргөндө чет өлкөлүктөр менен сүйлөштүм, аялымдын жумушу да ушундай болчу. Европадан досторубуз пайда болуп, бизге мейманга келип жүрүштү.
2015-жылы Жалал-Абадда мейманкана бизнеси, тактап айтсам, туристтик мейманкана иши өнүгө элек болчу. Меймандарыбыз адегенде ар түрдүү бир нече мейманканаларда жашап жүрүштү, бирок анча жакпагандыктан биздикине келишти. Биз илгеркиче эле жерге төшөк салып берчүбүз. Анан алар бир аз акча жумшап матрас, кроваттарды коюп, конок үй катары иш ачса болот дешти.
Кийин, 2016-жылы host family катары волонтерлорду кабыл алдык. Алар дагы бизге күчтүү таасир беришти. Саякаттары, туризм, Европанын турмушу, маданияты жөнүндө айтып беришти. Натыйжада 2019-жылы үч бөлмөлүү мейманкана номерлерин ачтык.
- Биринчи кардарлар чет өлкөлүк досторуңар болгон турбайбы, ээ?
Кубанычбек: Алар, бизди ушул ишке багыттаган меймандарыбыз биздикинде бекер эле жашашты.
- Ишти ачкандан кийин алгачкы кардарлар кимдер болду. Алар эсте болсо керек?
Кубанычбек: Ооба, эсибизде. Тааныштарыбыз аркылуу Грузиядан меймандар келди, үч киши. Аларга биринчи жолу эртең мененки тамакты бердик, толкунданаарлык болду. Аябай эзиле чын дилден сүйлөштүк. Аларга жакты, баары жаңы болчу, жаңы эле ремонт жасалган.
- Буга чейин туристтерге арналган мейманканалар жок болчу дебедиңизби. Анын кандай айырмасы бар?
Кубанычбек: Туристтер мейманкана издегенде көбүнчө онлайн-платформаларды пайдаланышат, мисалы, Booking сыяктуу. Анан дагы ар бир кишиге өзүнчө керебет болсо дешет, ал эми көп жерлерде үй-бүлөлөр үчүн арналган эки орундуу керебеттер коюлган. Андан тышкары эртең мененки тамак маанилүү, эгерде эртең мененки тамак болбосо көп учурда отелдерге токтолгусу келишпейт.
- ПЭРЭТО жөнүндө айтып берсеңиз. Бул долбоорго кайрылуу зарылдыгы кандайча пайда болду? Биз 2019-жылы май айында, туристтер аябай көп келип жаткан учурда ачылдык. Мейманкана тармагы бизге аябай жагып, кеңейтели деп чечтик. Ошондой эле кардарлардан алар 10 киши, 20 киши экени жөнүндө онлайн комментарийлерди көп алдык, а бизде орундар аз болчу. Андан тышкары алар жакшыраак шарттардын болушун каалашты. Биздики мейманкана үйдүн стилинде болгондуктан, коридордо баарыга жалпы бир эле санузел бар болчу, ал эми бир мейман өзүнчө санузели болушун каалайт.
Кубанычбек: 2020-жылы кеңейтип баштадык. Ремонт боюнча билимим жетишсиз болгондуктан иштин баары жаңылышып анан оңдоп жүрүп отуруу ыкмасы менен болду. Анан ар кандай тренингдер жана окуп үйрөнүү жолу менен билимимди жакшыртайын деп чечтим.
Мен окуганга дайым даярмын, ошентип 2021-жылы мага жылуулоо жана курулуш боюнча семинарга чакыруу келди. Ал учурда имараттын чатырын жаап бүтүп, жасалгалоо жумуштарына киришейин деп тургам. Мен ПЭРЭТОнун Жалал-Абаддагы конференц-залда уюштурган тренингдерине катыштым. Бизге ПЭРЭТО долбоорунун адистери да келишти.
- Ошондо, ПЭРЭТОну тааныштар аркылуу билдиңизби?
Кубанычбек: Ооба, мейманкана тармагындагы тааныш коллегаларыбыз маалымат беришти.
- Долбоорго жана долбоордон алган билимиңизге кандай баа бересиз?
Кубанычбек: Долбоор керектүү учурда жана керектүү жерде болду. Алган билимим жасалгалоо жумуштарына абдан пайдасы тийди.
Ага чейин жергиликтүү усталардан жана курулушчулардан кантип туура жылуулоо керектигин сурамжылап жүрчүмүн. Биздин эски конок үйүбүз жөнөкөй кирпичтен курулгандыктан кышында аябай суук болчу. Жылытуу системасы менен терезелерин эки жолу алмаштырсак да жылыбай, кышында жылуураак болгон кичинекей времянкабызда жашачубуз.
Интернетте YouTube’тан маалымат издечүмүн, бирок ал жактагы маалыматтар ар түрдүү болчу. ПЭРЭТОнун адистери мага абдан туура маалымат беришти, кантип туура жылуулаш керектиги, жасалгалоо жумуштарын кандай жасоо керектиги жөнүндө сүрөттөрү менен баяндап көрсөтүлгөн китеп жана материалдарды беришти.
- Бул 2020-жылы болдубу?
Кубанычбек: Бул 2021-жылы болду. Биз отелди 2022-жылы майда куруп бүттүк.
- Электр энергияны оптималдуу пайдалануу боюнча да аларга кайрылдыңарбы?
Кубанычбек: Ооба, энергияны пайдалануу боюнча ошол учурдагы практикалык керектүү билимдин баарын алар бизге эсептеп беришти, анткени биз адатта энергияны пайдалануу боюнча иштебейбиз да. Жарык кылууда энергия үнөмдөлүп атабы же жокпу, бизге баары бир болчу, бирок алар бизге конкреттүү цифралар менен көрсөтүп беришкенден кийин энергияны үнөмдөөчү лампалар алда канча жакшы жана натыйжалуу экени түшүнүктүү болду.
Мен дароо мурдагы жөнөкөй лампочкалардын ордуна үнөмдүү лампочкаларды койдум. Алар желдетүү жана башка иштер боюнча да жардам беришти. Кайсы убакта болсо да кайрылып кеңеш сурай турган жергиликтүү консультанттар болгону аябай жакшы болду.
- Дагы бир жолу тактап коёлучу, алар сизге эмнелерди айтып беришти?
Кубанычбек: Алар лампочкаларды тандаганга, дубалдарды жана чатырдын жабуусун жылуулаганга жардам беришти. Дубалдарды жылуулагандан кийин айырмасын дароо сездик.
- Акча жагынан канча үнөмдөлгөнүн цифра менен айтса болобу, мисалы, мурда канча акча кетчү эле да, кийин канча болуп калды?
Кубанычбек: Имарат жаңы болгондуктан так айта албайм. Бирок бизде мурда болжол менен 120 квадрат метрге 2,5-3 тонна көмүр чыгымдалып жүргөн болсо, кийин 300 квадрат метрге 4-5 тонна керектелип калды.
Жылуулоо процессинен кийин алардын рекомендацияларынын пайдасы менен чыгымыбыз 2-3 эсе азайды. Электр энергия да алда канча аз кетет.
- Долбоор боюнча окууга канча убакыт кетти?
Кубанычбек: Адегенде бир күндүк тренинг болду, андан кийин дагы бир нече жолу болду, анын ичинде Ошто да болду. Ошондой эле тажрыйба алмашуу болуп, биз Алай районуна барып, бир топ объекттерди көрдүк.
- Долбоордун кандай артыкчылыктары бар? Өзүңүз үчүн кандай билимдерди алдыңыз?
Кубанычбек: Эң баалуусу, бул – энергияны үнөмдөө жагындагы эле билим эмес, баарын камтыган комплекстүү билим. Долбоордо энергияны үнөмдөө маселелери эле эмес, ошондой эле энергияны керектөө, таштандыларды кайра иштетүү, суу менен камсыздоо, тамак-аштын калдыктарын утилге чыгаруу маселелери да каралат.
Эл аралык тажрыйбаны көргөндөн кийин биз өзгөрө баштайбыз да муну практикада колдонобуз. Туризм чөйрөсүндө биздин бизнесибиз айлана-чөйрөгө болушунча аз таасир этиши жана туруктуу өнүгүүсү үчүн туруктуу ыкма менен мамиле жасоо абдан маанилүү. Бул үчүн биз ПЭРЭТО долбоорунан алган билимдер зарыл.
Мен бул долбоорду туризм тармагында иштегендерге эле эмес, жеке турмушунда колдонуу үчүн да баарына тең сунуш кылат элем. Энергияны үнөмдөөчү технологиялар жана таштандыларды сорттоо баарыбызга пайдалуу болот.
- Мейманкана иши силердин алгачкы бизнес болдубу?
Кубанычбек: Ооба.
- Инвестиция жагын сурасак болобу, алгачкы каражатты кайдан алдыңар? Канткенде бизнести нөлдөн баштоого болот, тажрыйбаңызды айтып берсеңиз.
Кубанычбек: Адегенде биз жөн эле, үйүбүздү ремонттоп баштадык. Үй ремонтко муктаж болуп калган болчу. Башталышында бизнес эмес, жөн эле хобби болчу. Жайында иштеп, анан күз келгенде токтотобуз деп пландаган болчубуз.
Бирок ишибиз уланып кетти, анткени туристтерден тышкары жергиликтүү элдер да келе башташты. Эл көбүрөөк билип, анан биз жаба албай калдык.
Каржылоо булагы боюнча биз туугандарга кайрылдык, өзүбүз акча чыгардык, жерибиз бар болчу, квартирабызды саттык, ошондой эле кредит да алдык.
- Бизнесте кандай кыйынчылыктарга учурадыңар жана ал кыйынчылыктардан кантип чыктыңар, ошолорду айтып берсеңиз?
Кубанычбек: Бизнес дайыма татаал, бизде күн сайын ар кандай проблемалар болот. Курулуш процессинде өз алдыбызча чечкен же тажрыйбалуу адистерден кеңеш суроого туура келген көп маселелер болду.
Долбоордун башында профессионал эмес архитекторго ишенип алыптырбыз, ошондуктан кээ бир жаңылыштыктар болду, бирок жаңы имарат үчүн бул эч нерсе эмес, нормалдуу эле экен.
Ошондой эле иштин башында эртең мененки тамак жагында кыйынчылыктар болду, бирок бара-бара аны чечтик. ПЭРЭТО долбоорунан тышкары башка консультанттар менен да байланышып, тажрыйбалуу кесиптештерибизге кеңеш сурап кайрылып турдук.
- Кызматкерлериңер канча?
Кубанычбек: Биздики негизинен үй-бүлөлүк бизнес. Аялым иш башкаруучу жана көбүнчө меймандар менен иштейт, мен техникалык жагын тейлеп, курулуш жана сатып алуулар боюнча иштейм. Эки менеджерибиз, ашпозчу жана горничная бар. Сезон убагында горничныйларды көбүрөөк алабыз, азыр бирөө эле.
- Сиздер эл менен иштейсиздер да, кызматкерлерди ишке шыктандыруу үчүн кандай инструменттерди пайдаланасыздар?
Кубанычбек: HR – кызыктуу тармак. Адегенде ар түрдүү жаңылыштыктар болду. Азыр ушул тармакты да изилдеп үйрөнөлү деп жүрөбүз. Мен бала кезден эңсеген кыялым бар – атмосферасы жакшы уюм түзсөм дейм. Кызматкерлерине абдан жакшы мамиле жасалган Facebook жана Google жөнүндө көп уктум.
Буга чейин ар түрдүү уюмдарда жалданган кызматкер катары көп жылдык тажрыйбам бар болгондуктан “мен начальник, сен баш ий” деген кырдаал болушун каалабайм. Кызматкерлерге карата мамиледе биз пайдаланган сылык мамиле, жакшы маанай түзүү сыяктуу көп инструменттер бар. Эгер кандайдыр бир түшүнбөстүктөр болсо аны дароо чечип, жайгарууга аракеттенебиз. Баарына бирдей мамиле кылабыз.
Квартал сайын, эки-үч айда бир жолу компаниянын эсебинен отуруштарды, мындайча айтканда, тимбилдинг уюштурабыз. Эгер жарым жылдан бир жылга чейин иштесең шыктандыруучу метод менен бонустар бар.
Өткөн жылы кызматкерлерге ыраазылык билдирүү катары уюмдун эсебинен Өзбекстанга барып келдик. Биз аны пландаштыргандан кийин кызматкерлер эки-үч ай бою чыдамсыздык менен күтүшүп, ал тургай кээ бирлери “чын эле болобу?” дешип күмөнсүп да жүрүштү. Анан өткөн жылдын апрелинде барып келдик. Быйыл дагы барсакпы деп жүрөбүз.
- Сезон майдан сентябрга чейин да, ээ?
Кубанычбек: Ооба, майдан октябрга чейин десек болот.
- Сезон убагында канча киши келет, сезон жокто канча болот, цифралар менен айтсаңыз?
Сезон убагында бир айда 200-300 киши, ал эми сезон бүткөн мезгилде ар кандай, мисалы, январь-февралда бир айда эң аз болгондо 30дан 100 кишиге чейин.
- Мейманканаңардын аянты канча?
Кубанычбек: Биздин "Good Night" отелибизде үч корпус бар. Биринчи корпус конок үй стилинде, анда 8 кишилик үч номер бар. Ушул үч номерге коридордо бир санузел бар. Эми бул, бюджеттик номерлер да. Участок чоң, 13 сотых.
Жаныбызда аянты 300 квадрат метр жаңы имарат бар. Анда 12 номер бар, ар бир номерде санузел өзүнчө. Негизинен алар бөлөк-бөлөк эки керебеттүү эки орундуу номерлер. Ошондой эле эки кишилик, үч кишилик жалпы керебеттер да бар. Жалпысынан 26 кишиге эсептелген.
Үчүнчү имаратта биринчи кабатында ашкана, экинчи кабатында – 30 кишиге эсептелген конференц-зал бар. Ал жерде ар түрдүү уюмдар, жеке компаниялар тренингдерди өткөрүшөт.
- Иштен чарчап, тажап, токтотолучу деген учурлар болдубу?
Кубанычбек: Ооба, бир нече жолу болду. Бизнести кандайча уюштуруп, иштетүү керектигин билбегендиктен ошондой болду. Ал кезде аялым экөөбүз өзүбүзгө өтө көп ар кандай милдеттерди алып алыптырбыз. Ишти жаңы баштагандардын баары эле ушинтип жаңылып, бухгалтерияны да, кардарлар менен иштөөнү да, жыйнап-тазалап, курулуш курууну да өздөрүнө жүктөп алышат экен.
Биз үч жыл бою эч кандай дем алышсыз иштедик, түнкүсүн саат экиге чейин жүрүп, эртең менен саат 6да кайра ишти баштачубуз. Күндүз ар күндүк жумуштар менен алек болуп, кечки 9-10дон кийин компьютерге отуруп баардык отчетторду, келишимдерди жана башка кагаздарды түнкү саат экиге чейин иштеп отурчумун.
Албетте, чарчап, аялым экөөбүз мең ооруп калып, бир апта бою эч тура албай, жөн эле жаттык. Кудай жалгап бир жакшы консультант биз өзүбүзгө жумуштун баарын жүктөп алганыбызды, адамдарды кызматка алып милдеттерди бөлүштүрүп жана өзүбүзгө да дем алыш күндөр керектигин айтты.
Ошондон кийин эки менеджер келди, абдан эле жеңилдеп калдык.
- Жалпысынан сиздерге ушундай кыйынчылыктардан чыгууга эмнелер жардам берет?
Кубанычбек: Ишибизди жакшы көргөнүбүз өбөлгө болот го. Өзүңдүн ишиңди жакшы көрүп, андан канааттануу алсаң, чарчасаң да аны уланта бересиң, анткени ал иш сага жагат. Айрыкча сөзмөр, мамилекөй, жаркын маанайдагы, көңүлүңдү көтөрүп энергия берген меймандар келгени айрыкча жакшы.
- Кызыктуу меймандар болот дебедиңизби, ошолордон эсте калгандары жөнүндө айтсаңыз?
Кубанычбек: Жай мезгилинде бизге Руслан Акундун кино тарткан тобу келип калды. Азыр көрсөтүлүп аткан “Бейиш - эненин таманында" кинотасмасын тартып жүрүшүптүр. Киного тартуу процессин, деги эле чыгармачыл адамдарды, фильм кандай тартылаарын карап туруу бизге аябай кызыктуу болду. Руслан Акун өзү аябай жакшы киши экен, аны менен сүйлөшкөндө ырахат аласың.
Болот Тентимышов келди, ал өтө бийик рангдагы актер болсо да кишичилиги абдан жакшы, сүйлөшкөндө жөнөкөй адам экен. Биз сыяктуу жөнөкөй кишилерге бул абдан эле кызыктуу болду.
Жакында Караколдон бир бизнесмен келип кетти, ал дагы жакшы киши экен. Кофекана тармактары бар экен, аябай сөзмөр, шуулдак, шайдоот экен, ал дагы эсте калды.
- Руслан Акундун кино тарткан тобу силердин мейманканадан да тарттыбы?
Кубанычбек: Алар бизде эки күн болушту. Фильм тартууга 30дай киши катышты. Жалал-Абад облусунда, региондордо тартышты, кээ бир кадрларды Жалал-Абад шаарынан тартышты. Алар бизде жашап турушканда баардык аппаратурасын көрдүк, канча жүгү бар экенин, кино тартуу процессине канча киши катышканын, кадрдан сырткы жашоо-турмуштарын көрдүк десек болот.
- Менде силерге чет өлкөлүктөр көбүрөөк санда келишет го деген ой болуп атат. Проценттик жактан алганда чет өлкөлүктөр көппү же жергиликтүү туристтер көп келишеби?
Кубанычбек: Адегенде чет өлкөлүк туристтер менен гана иштейли деп ойлогонбуз. Анын үстүнө мейманкананы да туристтик стилде: натуралай кирпичтен жана жыгачтан курганбыз, обой чаптаган эмеспиз, интерьер көбүнчөсү Европача жасалгаланган.
Проценттик жактан салыштырганда 40% - туристтер, ал эми 60% - жергиликтүү кишилер. Жалпысынан, бизге келген кардарлардын баары абдан билимдүү, интеллигент адамдар.
- Сүйлөгөн сөздөрүңүздөн байкашымча, сиз окуп үйрөнүүгө, жаңы билимдерди алганга абдан ынтызар көрүнөсүз. Мунун себеби эмнеде?
Кубанычбек: Биринчиден, бул биздин генибизде. Атам 30 жашында кандидаттык диссертациясын жактаган. Бул совет мезгилинде болгон, ал кезде диссертация жактоо абдан кыйын болчу экен. Апамдын айтканы боюнча, атам бул ишке эки жыл коротуптур. Апам да математик, өмүр бою мектепте иштеген, окуучуларды 1-класстан 11-класска чейин окуткан. Үйүбүздө китептер көп болчу, ушул да таасир этти го деп ойлойм.
Окуган мектебим жакшы мектеп болчу, мен ага ыраазымын, бирок университетте каалаганымдын баарын ала алган жокмун. Биздин билим берүү системабызга ыраазы эмесмин. Студенттик жылдарымда билимди жакшы ала албай калганыма өксүгүм бар. Балким университетте кесипти туура эмес тандадымбы, анткени 11-класста кайда барыш керектигин жакшы биле албайсың да. Туш келген окууга тапшырып алгандыктан, каалаган нерсемди ала алган жокмун.
Негизи экономист болуп, банк тармагында иштегим келчү. Кийин баары бир банкта иштедим, дайыма цифралар, математика мага жакчу. Жалпылап айтканда, окуп билим алуу жагынан орундалбай калган гештальт бар, ошондуктан дагы толуктап окуп, билимимди толуктасам дейм.
- Азыркы ишиңизге ыраазысызбы?
Кубанычбек: Ооба, азыркы ишим жагат. Мага ишкерлик жагат, жана өзүм айткандай, жаңы билимдерди алып, тажрыйбаларды үйрөнүү мага жагат. Бул иште баарын билип жана баарын тең өзүң үйрөнүп, өзүң жасашың керек. Сен үчүн аткарып берүүчү башка бирөө жок. Баарын өзүң контролдошуң керек, мисалы өзүң кайрылган электриктер баарын сапаттуу жасашы үчүн контролдоп туруу зарыл.
Айтсак, азыр онлайн-платформа бизде абдан өнүккөн. Мен өзүм мурдагы муундун өкүлүмүн, Вотсапты пайдаланганды да жакшы көрбөйм. Бирок азыр эгер Инстаграмда сенин бизнесиң болбосо, анда сенде такыр эле бизнеси жок деп койсо да болот.
- Туризм тармагында силердикиндей бизнес ачууну каалаган адамдарга кандай кеңеш берет элеңиз?
Кубанычбек: Мен өзүмдүн ар түрдүү жактарда иштеген тажрыйбамдан улам, бизнес болобу, же жөн эле жаккан жакшы кызматпы же жаманбы, өзүңө жан дүйнөңө жаккан ишти кылыш керектигин түшүндүм.
Эгер сүрөт тарткың келсе, ошону жаса. Кайсы иштен болсо да акча тапса болот. Адамдар мүнөзү, шык-жөндөмү жагынан ар түрдүү болгондуктан, ар кимисинин өзүнө жаккан бир нерсеси болот. Эгер акча табуу жана пайда алуу деген гана нерсеге байланып калбастан, жан дүйнөңө жаккан нерсени көбүрөөк ойлосоң ошол иш сага жеңилирээк болот. Анан натыйжа да ийгиликтүүрөөк болот.
- Келечекте кандай пландарыңыз бар?
Кубанычбек: Азырынча – позициябызды бекемдеп, изилдеп жана андан ары өнүгөлү деген план. Шаарыбыздын атын чыгара турган өзгөчө, кооз отель курсак деген кыялым бар. Жалал-Абад дегенде биздин "Good Night" отелди да элестетишсе деп эңсейм.
Азыр элдер шаарыбыздын атын укканда биздин шаарга кире бериштеги арканы көз алдыга элестетишет. Ошол арка менен катар биздин отелди да элестетишсе деген тилегим бар.
Бул материал Европа Биримдигинин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү менен кызматташтыкта даярдалды. Макалада айтылган пикирлер сөзсүз түрдө эле Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.