"Кыргызстандагы чайкананын тажрыйбасы: желдетүүнүн жана кондиционирлөөнүн үнөмдүү жана экологиялуу тутумдары"

"Жакшы желдетүү - кандай гана болбосун коомдук тамактануу ишканасынын ийгиликтүү кызматы. Оптималдуу микроклиматты сактоо келүүчүлөрдүн ыңгайлуулугун камсыз кылуучу негизги компоненттердин бири. Андан сырткары, кафе, ресторан, банкеттер залы ж.б.у.с. мекемелерге катуу санитардык нормалар колдонулат.

Жеке ишкер М.Осмонова - Бишкек шаарындагы чайкананын (улуттук кафенин) ээси - ыңгайлуулукту камсыз кылууга жана талап кылынган санитардык ченемдерди сактоого чоң көңүл буруп, заманбап натыйжалуу желдетүү жана кондиционер тутумуна инвестиция кылган.

Имаратка борборлоштурулган көп зоналуу кондиционер чиллер-фанкойл тутумун орнотушкан. Тутум жалгыз «суук» булактан - чиллерден турат, араларда муздакты алып жүрүүчүнүн (суюктуктун) жардамы менен аны акыркы аба муздаткычтар топтомуна - фанкойлдарга багыттайт.

Тутум пайдаланууга оңой, жабдуулардын экологиялык таза түрү, имараттын ичиндеги абанын параметрлерин автоматтык түрдө жөнгө салат. Бул тутумдун жардамы менен имарат ичин муздатса да, жылытса да болот. Тутум экономикалык жактан пайдалуу, анткени керектегенине караганда электр кубатын 2,5-3 эсе көп өндүрөт.

Ошондой эле, имаратка жылуулукту калыбына келтирүүчү желдетүү тутуму киргизилген, бул да абаны даярдоого кеткен электр кубатынын кыйла бөлүгүн үнөмдөйт. Абаны жөндөөчү бөлүктөгү жылуулукту калыбына келтиргич чыгуучу агымдын жылуулук кубатын, келүүчү абага берүү менен, жарым-жартылай кайтарат. Жылуулук көчөгө чыгарылбастан, имаратка кайтарылат. Тескери процесс ысык мезгилде, чыккан муздак аба кондиционерде келе жаткан жылуу агымды муздаткан кезде болот.

Аба өткөгүчтөрүндө жоготууларды болтурбас үчүн, бардык аба өткөргүчтөрү адистештирилген жылуулаткыч минерал кебез менен оролуп бөлүнгөн.

ПАЙДАСЫ

Аталган желдетүү жана кондиционерлөө тутумдары чайкананын ээсине электр кубатын керектөөнү 51%га төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берди. Электр кубатын үнөмдөө жылына 149 МВт саат электр кубатын түзөт. Ошону менен бирге экологияны сактоого кошкон салымынын мааниси чоң: электр кубатын керектөөнүн кыскарышынан улам, атмосферага зыяндуу СО2 чыгындыларынын чыгышы жылына 15тен ашык тоннага төмөндөйт."