“Pont Alimentari” долбоору

“Pont Alimentari” азык-түлүк товарларын чекене саткан объектилер, кейтерингдик фирмалар жана ресторандар ыргыткан тамак-аш продуктуларына диагностика жүргүзүүнү, тамак-аш калдыктарынын көлөмүн кыскартуу боюнча агартуучулук иш-чараларды уюштурууну, алар боюнча өркүндөтүү рекомендацияларын; донордук ишканалар (тамак-аш калдыктары пайда болгондордун) жана Барселонадагы калктын аялуу тобуна көмөк көрсөткөн кабыл алуучу уюмдардын ортосунда интерактивдүү тармак (көпүрө) түзүүнү сунуш кылат. Долбоордун алкагында компаниялардын кардарларына жана кызматчыларына кандай болсо, кеңири коомчулукка ошондой, тамак-аштын калдыктарына карата жүрүм-турумду жана мамилени өзгөртүүгө жардам берүү үчүн маалымдуулугун жогорулатуу боюнча иш-чаралар жарыш жүргүзүлөт.

Андан соң социалдык субъекттердин өз иш-аракеттеринин алкагында пайда болгон тамак-аш калдыктарын жана жоготууларды кыскартуу боюнча чыгармачылык чечимдер иштелип чыккан. Мисалы, «Pont Alimentari» бенефициарларга ыктыярдуу кайрымдуулуктан чогулган кургак продуктуларды таратардан мурда энергетикалык жакырчылыктан улам бардыгынын эле тамак жасаганга мүмкүнчүлүгү болбогонун эске алып, алгач өздөрү тамак даярдоону сунуш кылган. Ушинтип, ал тамак-аш калдыктарын пайда кылуу проблемасын чечти.

Ыктыярдуу кайрымдуулуктун тиешелүү тартипте иштешин жана азык-түлүк продуктуларынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында өнөктөш компаниялар жана социалдык уюмдар менен көп жактуу макулдашуулар түзүлүүдө. Макулдашуулардын протоколдору Каталониянын Тамак-аш коопсуздугу боюнча агенттиги жана Каталониянын Калдыктарды башкаруу агенттиги тарабынан жактырылган.

Бул моделдин ийгилигин 40 өнөктөш мекеменин, 27 кабыл алуучу уюмдун жана 1500дөн ашуун жеке бенефициардын катышуу фактысы тастыктайт.