Өнөктөштөр

Борбор Азиядагы Америка Университети - Америка Кошмо Штаттарындагы Бард Колледжи менен кызматташтыгы аркылуу АКШнын гуманитардык илимдер чөйрөсүндө аккредиттелген даражаларды берген Борбор Азиядагы биринчи университет. Университет Кыргызстанда 1993-жылы негизделген жана Борбор Азиядагы демократиялык кайра өзгөрүүлөр үчүн келечектеги лидерлерди тарбиялайт. 25 жылдык ишмердүүлүгүндө жож аймактагы эң мыкты университеттердин бири катары атак-даңкка ээ болууга жетишти. Бул жерде дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн келген студенттер жана мугалимдер билим алышат жана иштешет. Курстардын көпчүлүгү англис тилинде жүргүзүлөт, 15 бакалавр жана 10 магистрдик программа иштейт. Университет сапаттуу академиялык билим берүүдөн сырткары,өз студенттерине интеллектуалдык эркиндик жана сын ой жүгүртүү ыкмаларына, социалдык жоопкерчилик жана жарандык жигердүүлүк принциптерине үйрөтөт. Университет БААУнун жалпы коомчулугун - студенттерди, окутуучуларды, кызматчыларды жана бүтүрүүчүлөрдү кайра өзгөрүүлөргө кошуу менен, жаштарды ыкчам өзгөрүлүп жаткан чындыкка даярдоодо университеттеги билим берүү жана сабактан сырткары иш-чараларды дайыма өркүндөтүп турат. БААУнун имаратын курууда, Борбор Азияда биринчи жолу, электр кубатын үнөмдөөчү геотермалдык жылытуу жана муздатуу тутуму ийгиликтүү пайдаланылды, бул университеттин айлана-чөйрөнү, экологиялык билим берүүнү жана туруктуу өнүгүүнү коргоо боюнча актуалдуу темаларды пайдаланууну жана илгерилетүүнү жактагандыгын көрсөтөт. Университет кампуста таштандыларды бөлүп чогултууну ишке ашырды (кагаз, тамак-аш калдыктары жана пластик). Университетте “Экологиялык туруктуулук жана климатология” бакалавриатынын программасы бар, 2018-жылдан бери жашыл экономика боюнча окутуу курсу иштелип чыккан, экологиялык иш-чараларды үзгүлтүксүз уюштуруп жана өткөрүп турат. Мисалы, 500дөн ашык студент жана мектеп окуучулары катышкан Кыргызстандагы 1-Жаштар климаттык форуму, экоконкурстар жана экомарафондор, тренингдер, семинарлар, жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү жаатындагы эл аралык эксперттердин катышуусундагы конок лекциялары, “жашыл дискуссиялар, журналистиканын ""жашыл"" күн мектеби, Green Weekке катышуу ж.б. БААУнун демилгеси боюнча 2019-жылы ЮНИТАР PAGEдин колдоосу менен өлкөнүн 15тен ашык жождордун катышуучулары - Жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү үчүн КРнын жождорунун Альянсы (ЖТӨЖА) түзүлүп, өздөрүнүн жождору үчүн жашыл экономика боюнча курстарын иштеп жатышат. Университетте 2011-жылдан бери изилдөө иштерине, анын ичинде айлана-чөйрөнү жана туруктуу өнүгүүнү коргоого адистешкен Тянь-Шань аналитикалык борбору (ТАБ) иштеп келе жатат. Акыркы изилдөөлөрдүн катарында төмөндөгүлөр бар: Кыргызстандагы жерлердин жана жайыттардын начарлашын изилдөө, Кыргызстандын жаратылыш байлыктарын эсепке алуу, Нарын жана Баткен областтарындагы климаттын өзгөрүшүн жана анын айыл чарбасына тийгизген таасирин изилдөө. Борбордун өнөктөштөрүнүн катарында мамлекеттик органдар, ЮСАИД, ПРООН, Ханнс Зайдел Фонду, GIZ, ФАО көптөгөн ж. б. бар. Дал ушул БААУнун TAБы университеттин башка департаменттери жана үч өнөктөш уюм менен ПЭРЭTO - Кыргызстандын туризм тармагында электр кубатын жана ресурстардын натыйжалуулугун илгерилетүү долбоорун жүзөгө ашырат

Баарын көрсөтүү

UNISON Групп - Кыргыз Республикасында туруктуу өнүгүү максатында иштеген коммерциялык эмес уюм. Уюмдун климаттык өзгөрүүнүн кесепеттерин жумшартуунун стратегиялык жаатында, жашыл технологияларды, жаңыланып туруучу электр кубатынын булактарын, электр кубатынын натыйжалуулугун, жана жашыл каржылоону киргизүү жаатында 18 жылдан ашуун иш тажрыйбасы бар. Бул убакыт аралыгында UNISON Group өз командасы, улуттук жана эл аралык адистердин тобу менен климаттын өзгөрүшүнүн ар кандай маселелери боюнча ондогон долбоорлорду ишке ашырды. UNISON Group уюмунун ишмердүүлүгү электр кубатынын натыйжалуулук маселелери боюнча маалыматтык кампанияларды уюштуруудан тартып, Кыргызстандын өкмөтүнүн жаратылышты коргоо актыларын жана мыйзам чыгаруу маселелерине колдоо көрсөтүүгө чейин жүргүзүлөт. UNISON Groupтун иш-чаралары айлана-чөйрөнү коргоо, жашыл экономиканы куруу, адамдык капиталды көбөйтүү, ошондой эле мамлекеттин, коомдун жана бизнестин ортосунда конструктивдүү диалогду чыңдоо жаатында билим жана инновацияларды берүү аркылуу Кыргызстанда туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүүгө багытталган.

Баарын көрсөтүү

CSCP (Туруктуу керектөө жана өндүрүш боюнча кызматташтык борбору) - бул эл аралык коммерциялык эмес илим-изилдөө борбору. Компаниялар, саясий уюмдар жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен биргеликте CSCP баарына жакшы жашоону камсыз кылуу үчүн - туруктуу өнүгүүгө жардам берип өз миссиясын аткарып жатат. Борбор керектөөнүн жана өндүрүүнүн акылга негизделген үлгүлөрүн түзүүгө багытталган. CSCP дүйнө жүзү жана ар башка секторлор боюнча ар кайсы уюмдар менен кызматташууга адистешкен, аналитикалык борбор катары иштейт. Мындай ыкманын аркасында CSCP төмөнкү жааттарда өзгөрүүлөрдү тездетүүдө: жашоо образы жана жүрүм-турум, инфраструктура, продуктулар жана кызмат көрсөтүүлөр, бизнес жана ишкердик, саясат. Борбор, трансформациялык чечимдерди аныктоо, иштеп чыгуу жана масштабдоо аркылуу жакшы жашоону көздөө багытында иш алып барат. СSCP Азия жана Африка өлкөлөрүндөгү түрдүү уюмдар менен иштешет. Атап айтканда, ЕС SWITCH-Азия программасы жана Switch Africa Green долбоорлору аркылуу, борбор айыл чарба, туризм, энергетика жана ресурстардын натыйжалуулугу сыяктуу тармактарда туруктуу керектөөнү жана өндүрүштү (SCP) илгерилетүүдө. SWITCH CSCP өзүнүн долбоорлорунун алкагында нарк түзүүнүн глобалдык чынжырчаларына кайрылуу менен туруктуу өнүгүүгө көмөктөшөт. CSCP жергиликтүү жана улуттук өкмөттөр менен туруктуу керектөөнү жана өндүрүштү (ТКӨ) жүзөгө ашырган саясатты иштеп чыгууда аларга жардам берүү үчүн биргеликте иштейт

Баарын көрсөтүү

Технополис Групп - Амстердама, Берлинде, Брайтондо, Брюссельде, Франкфуртта, Парижде, Стокгольмдоа, Таллинде, Венада, Абиджанда жана Боготада кеңселери бар, илим, технология жана инновациялык саясат жаатында адистешкен эл аралык изилдөө жана консалтингдик уюм. Уюм 1989-жылы негизделген. Бул мезгил аралыгында уюмдун 170тен ашуун кызматчыларынын катышуусу менен дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө 2700дөн ашуун долбоор ишке ашырылды. Технополис Групп туурасынан, , тармактар аралык, тармактык изилдөөлөрдү жүргүзөт, ошондой эле коомчулукту, бизнести жана жарандык коомду тарткан долбоорлорду ишке ашырат. Уюм саясатчылар үчүн пландоо, саясатты жана программаларды божомолдоо жана баалоо; ЕБнын, улуттук, аймактык, жергиликтүү программаларын жүзөгө ашырууну жана башкарууну колдоо, ошондой эле ар кайсы өлкөлөрдөгү жана уюмдардагы, инновациялык тутумдарды салыштырып талдоо боюнча стратегиялык консультацияларга адистешкен. Technopolis Group бул билимдерди жеке секторду өнүктүрүү саясатын иштеп чыгуу үчүн изилдөөлөрдө жана инновацияларда (R&I) пайдалануу менен, таза технологиялар, жашыл экономика жана эко-инновация (ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, циклдик экономика, туруктуу энергетика) жаатында олуттуу тажрыйба топтогон. Мындан тышкары, Technopolis Group туруктуу өнүгүү проблемаларын чечүүгө кызыкдар болгон тараптар үчүн долбоорлорду башкаруу жана аянтчаларды түзүү тажрыйбасына ээ. Мындай аянтчалар болуп Европалык ишканалар тармагы жана өнөр жай симбиозу үчүн (CircLEAN) чакан жана орто ишканалар, Европалык ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугу жөнүндө Билим Борбору (EREK), Экологиялык инновациялар обсерваториясы, ЕБ-CIRCTER региондору жана аймактары үчүн Циркулярдык экономика - , EБ көк биоэкономикалык форуму ж.б. эсептелет. Аталган аянтчалар өнөр жай , чакан жана орто бизнес ишканалары, бизнес-ортомчулар, кластерлер, ЕБ деңгээлиндеги изилдөөчүлөр жана саясатчылардын деңгээлинде, , улуттук жана жергиликтүү деңгээлдерде маалымат жана билим алмашуу максатында иштелип чыккан. Technopolis Group Европа комиссиясынын башкармалыгы үчүн ар түрдүү долбоорлорду жүзөгө ашырган ( (DG Environment, DG Energy, DG GROW, DG Research and Innovation, DG Maritime Affairs and Fisheries, EASME, Европа Парламенти, Ишкердикти өнүктүрүү боюнча донордук комитет (Дүйнөлүк Банк аркылуу), Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Уюму (ЭКӨУ), БУУнун Өнөр жайды Өнүктүрүү боюнча уюму (БУУӨӨУ), Түндүк өлкөлөрдүн министрлер кеңеши, ошондой эле бир катар улуттук, аймактык бийликтер жана агентстволор

Баарын көрсөтүү