Колдонулган өсүмдүк майын биодизелге айлантып иштетүү

Ашканаларда жана мейманкана ресторандарында иштетилген өсүмдүк майы көп көлөмдө пайда болот. Бул май көбүнчө канализацияга агызылып, жыйынтыгында айлана-чөйрөнү булгоого алып келиши жана суу объектилерин булгап, климаттын өзгөрүшүнүн жүрүшүндө кошумча жүк катары болушу мүмкүн. Бирок башка жол бар: иштетилген тамак-аш өсүмдүк майы - калыбына келтирилүүчү ресурс, аны оңой кайра иштетип, күйүүчү майдын ордуна колдонсо болот. Бүткүл арал боюнча, айрыкча туристтер көп барган райондордон, мейманканалардан жана ресторандардан пайдаланылган өсүмдүк майын үзгүлтүксүз жана акысыз жыйноого багытталган демилгелердин бирин Балиде колдонууну көздөп, алар менен макулдашууга жетишилген.

Чогултуу “Caritas” Швейцария”, “Kuoni Travel Holding Ltd.” жана “Foundation myclimate” уюмдары тарабынан түзүлгөн Lengis Hijau (жашыл май”) социалдык ишканасы тарабынан уюштурулган. Бул социалдык жактан корголбогон калктын катмары үчүн жаңы жумуш орундарын камсыз кылат.

Айлана-чөйрөгө пайдасынан жана жаңы жумушчу орундарды түзүүдөн сырткары, ушул эле социалдык ишкана башкарган атайын курулган станцияда майды био-отунга кайра иштетишет. Био-отунду кызматташкан мейманканалар пайдаланган маршруттук автобустар үчүн дизель катары пайдаланууга болот, бул болсо ресурстарды үнөмдөп жана CO2 чыгындыларын кыскартат. Алынган кирешени эмиссия сертификаттары түрүндө пайдаланып долбоорду кайра каржылоого жиберүүгө болот.