HoReCa ишканаларында суунун чыгымдалышын контролдоо

Суу - баалуу жаратылыш ресурсу. Туризм, тамак-аш жана суусундуктарды өндүрүү жана кайра жаралуучу энергияны өндүрүү тармактарында суу ишкананын ийгилиги үчүн абдан маанилүү. Суу жөн гана кызматкерлерди жана конокторду тиричилик кызматтары (ашкана жана туалет) менен камсыз кылуу үчүн колдонулса да, өсүп жаткан суу чыгымдары бизнесте кирешеге тийгизген таасирин баалоо керектигин көрсөтүп турат. Суусу кенен болгон өлкөлөрдө суу көп учурда ресурс катары кабыл алынбайт жана башка ресурстар, мисалы, энергия жана жабдуу заттар сыяктуу эффективдүү башкарылбайт. Анткен менен сууну пайдаланууну ийгиликтүү башкарып, анын эффективдүүлүгүн жогорулатып жаткан кыраакы ишканалар сууну чогултуу, иштетүү, сордуруу жана жылытуу үчүн чоң көлөмдөгү энергия талап кылынарын түшүнүшөт. Бул сөзсүз түрдө төлөмдөрдү көбөйтөөрүн жана суу сарамжалдоо иш-аракеттери алардын бизнесинин туруктуулугуна жана кирешелүүлүгүнө салым кошоорун түшүнүшөт.

Кафеңизде же мейманканаңызда суунун сарпталышын кантип көзөмөлдөй аласыз? Адегенде сиз сууну керектөөңүзгө эмне себеп болгонун жана таза сууга жана саркынды сууга канча төлөгөүңүздү түшүнүшүңүз керек. Сиздин бухгалтериңиз же кеңсенин/имараттын менеджери бардык тиешелүү эсеп-фактураларды жана эсеп көрсөткүчтөрдү бере алышы керек. Бул эсептерди суу чарба ишканалары да жүргүзүшөт. Сууну жалпы пайдалануу боюнча маалыматтардан тышкары, белгилүү бир бөлүмдөр жана иш-чаралар (мисалы, дааратканалар, өндүрүш процесси) үчүн сууну пайдалануу боюнча жазууларды алууга аракет кылыңыз.

Суу төлөмдөрүн текшерүүдөн тышкары, сууну пайдалануу боюнча маалыматты чогултуунун башка ыкмалары бар:

● Чака жана секундомер ыкмасы: Челекти (же белгилүү көлөмдөгү контейнерди) толтуруу үчүн кеткен убакытты эсептөө менен, сиз агымды (мүнөтүнө литр) эсептеп, андан кийин ар бир колдонуунун узактыгына жана жыштыгына жараша суунун агымын аныктай аласыз.

● Суу жабдууларынын моделдеринин жана өндүрүүчүлөр берген маалыматтары: Суунун агымын аныктоо үчүн сиз түздөн-түз өндүрүүчүлөр менен байланыша аласыз же жабдуулардын спецификацияларын Интернеттен издесеңиз болот.

● Инвазивдүү эмес ультра үндүк чыгым өлчөгүчтөр: Агындын ылдамдыгын жана процесстерде суу пайдаланууну көзөмөлдөө үчүн аларды суу түтүктөрүнүн сыртына орнотууга болот.

● Өчүрүүнү текшерүү: жумуш аяктап, имараттан эл чыгып кеткенде жана ишти кайра баштоонун алдында суу эсептегичтин көрсөткүчүн жазып алуу менен, имарат бош болгондо канча суу сарпталып жатканын аныктай аласыз.

Чогулткан маалыматтар электрондук түрдө сакталышы же жазылышы керек. Мисалы, маалыматтар таблица, графиктерге чыгарылса, жакшыраак түшүнүүгө мүмкүндүк берет. Суу пайдалануунун анализи башка компаниялар/офистер менен салыштыруу үчүн колдонулушу мүмкүн.

Маалыматтарыңызды чогултуп, талдап чыккандан кийин, сиз аныкталган көйгөйлөрдү жоюу үчүн иш-аракеттердин тизмесин даярдай аласыз. Суу чыгымдарын үнөмдөө үчүн кеңсеңизде ишке ашыра турган иш-чаралар жана технологиялар боюнча маалымат баракчаларын караңыз.