"Кыргызстандын туристтик тармагында электр кубаты жана ресурстардын натыйжалуулугун илгерилетүү" (ПЭРЭТО / PERETO) долбоору

""Кыргызстандын туризм жаатындагы энергиянын жана ресурстардын натыйжалуулугун илгерилетүү" (ПЭРЭТО/PERETO) долбоору Борбор Азиядагы Америка Университети (БААУ) тарабынан өнөктөш уюмдар: UNISON Group (Кыргызстан), Technopolis Group (Бельгия), Collaborating Centre on Sustainable Consumption and Production – СSCP (Германия) менен консорциумда жүзөгө ашырылууда.

Долбоор Европа Биримдиги тарабынан SWITCH-Asia программасынын алкагында каржыланат.

Долбоордун максаты - Кыргызстандын туризм секторундагы чакан жана орто ишканалар (ЧОИ) арасында туруктуу өндүрүштү жана керектөөнү (ТӨК), жана электр кубатынын натыйжалуулугунун жана ресурстардын натыйжалуулугунун (ЭРН) практикасын илгерилетүү аркылуу энергетикалык коопсуздукка жана туруктуу өсүүгө көмөк көрсөтүү.

Долбоордун максаттары:

  • туристтик сектордогу керектөөчүлөрдүн жана ЧОИ арасында ТӨК жана ЭРН жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу;
  • Туристтик ЧОИнин ТӨК жана ЭРН чараларды көрүү боюнча дараметин жана техникалык даярдыгын арттыруу;
  • КРда жашыл экономиканын максаттарына жетүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган жеке сектордун демилгелерин илгерилетүү;
  • туризм секторундагы ЧОИнин керектөөлөрүнө ыңгайлаштырылган жаңы жашыл каржылоо продуктуларын иштеп чыгуу;
  • ТӨК жана ЭРНди жүзөгө ашыруу боюнча улуттук диалогду илгерилетүү жана саясатты иштеп чыгуу.

Күтүлгөн натыйжалар:

  • Туризм секторундагы 300 чакан жана орто ишканаларга маалымат берилип, ТӨК практикасын жана ЭРН чечимдерин киргизүү үчүн техникалык колдоо менен камсыз болгон;
  • ресторан жана мейманкана секторундагы чакан жана орто ишканалар үчүн ЭРН боюнча чечимдерди жүзөгө ашыруу үчүн жашыл каржылоого жетүүнү жакшыртуу;
  • Туризм чөйрөсүнүн 50 чакан жана орто ишканалары, бизнес ассоциациялары менен биргеликте иштелип чыккан долбоордун колдоосу менен, ЭРН жаатындагы ыктыярдуу сертификациясын алуунун аркасында туруктуу өнүгүү жөнүндө күчөтүлгөн кам көрүүсүн көрсөтүшөт;
  • тармактык министрликтер ТӨК жана ЭРН боюнча практикаларын илгерилтүү үчүн аспаптар менен жабдылган;
  • керектөөчүлөр (туристтер жана ЧОИге келүүчүлөр) туризм секторундагы ТӨК жөнүндө кабардар болушкан;
  • чакан жана орто ишканалардын ресурстарынын энергетикалык, материалдык жана башка чыгымдарын төмөндөтүү.

Долбоордун кыскача баяндамасы тиркелет бул жерде

Долбоордун жетишкендиктери: Март 2020 - Май 2023