Өзүн-өзү баалоо куралы

Өзүн-өзү баалоо аспабы (SAT) HoReCaнын чакан жана орто ишканаларына (ЧОИ) энергетика жана ресурстардын натыйжалуулугу жана бизнести туруктуу башкаруу жагынан алып караганда , учурдагы практиканы тез алгачкы баалоо мүмкүнчүлүгүн берет.

Баалоонун беш категориясы бар: башкаруу, материалдар, суу, таштандылар жана электр кубаты. SAT аспабы чакан жана орто ишканалардын операцилык көрсөткүчтөрүн жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалайт. Ал бизнестин экологиялык таза экендигин, же жок дегенде,туруктуу иштөө стратегиясын камсыз кылуу үчүн айрым кандайдыр бир чараларды көрүп жаткандыгын аныктоо үчүн адистештирилген түзүлүштөрдүн пайдаланылышын жана башкаруучулук усулдардын колдонулушун баалайт.

Ар бир категорияны толтуруп бүткөндөн соң, Аспап ар бир суроо жана жооп боюнча сунуштарды берет. Натыйжаларды PDF форматында сактоого болот жана учурдагы ишкердик кырдаалга туура келген электр кубатын жана ресурстарды натыйжалуу пайдалануу чараларын жүзөгө ашырууда практикалык колдонмо болуп бере алат. Аспаптын өзүн-өзү баалоонун натыйжалары сууну, ресурстарды жана электр кубатын үнөмдөөнүн эсебинен натыйжалуулук боюнча кеңештерди берет, ошондой эле Кыргызстандагы жана дүйнө жүзүндөгү HoReCa чакан жана орто ишканаларынын мыкты жашыл практикаларынын мисалдарын келтирет.

Көңүл буруңуздар, катталбаган колдонуучулар үчүн биринчи башкаруу категориясы гана жеткиликтүү. Толугу менен баалоо жана сунуштарды алуу үчүн, каттоодон өтүңүз. Катталган колдонуучулар прогрессти сактап, кийинчерээк уланта алышат.

Менеджмент
Материалдар
Таштанды
Суу
Энергия