Өндүрүш

Барган сайын көбүрөөк адамдарды таштандылардын өсүшү, абанын, топурактын жана суунун булганышы, токойдун кыйылышы жана климаттын өзгөрүшү жөнүндө проблемалар тынчсыздандыра баштады. Алар барган сайын бул проблемаларды чечүүгө жардам берүүнү көбүрөөк каалашат, ошондуктан, алардын жашоо образы жана керектөө адаттары мааниге ээ экенин аңдап түшүнүү абдан зарыл.

Туруктуу керектөө - бул материалдык продуктуларды, электр кубатын жана материалдык эмес кызматтарды пайдалануу төмөндөгүдөй түрдө,

аларды пайдаланууда айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин жокко азайтып, адамдардын керектөөлөрү азыркы учурда гана эмес, келечек муундар үчүн дагы канааттандыргандай пайдалануу (Биздин жалпы келечегибиз. Айлана-чөйрөнү коргоо жана өнүгүү боюнча дүйнөлүк комиссия).

Туруктуу керектөө - бул курчап турган чөйрөгө, коомго жана экономикага зыян келтирбеген продуктуларды жана кызматтарды тандоо. Башка сөз менен айтканда, сиз күнүмдүк тандооңуз жана жашоо образыңыз менен туруктуулукту камсыз кылууга өзүңүздүн салымыңызды кошосуз. Мисалы, сиз экологиялык таза жемиштерди жана жашылчаларды тандайсыз, экологиялык белгиси бар кийимди сатып аласыз жана үйдөн сырткары түштөнгөндө био-ажыроочу чөйчөк, ашкана идиш-аяктары сыяктуу кыйла экологиялуу продуктуларды тандайсыз. Сиз ошондой эле экологиялык электр булактарын жана унааны, сууну жана электр кубатын үнөмдөөнү, калдыктарды азайтуунун пайдасын тандап, туруктуулукту камсыз кылууга өз салымыңызды кошо аласыз.

ПЭРЭТО долбоору Кыргызстандагы туруктуу керектөөнү жана жашоо образын илгерилетүү максатында акыркы керектөөчүлөр жана башка таламдаш жактар менен кызматташат. Дүйнөлүк жаратылыш байлыктары түгөнүп бара жаткандыктан, биздин долбоор туруктуу жашоо образы биздин жашоого жана коомго пайда гана алып келет деп эсептейт.