Проект жөнүндө

"Кыргызстандын туристтик тармагында электр кубаты жана ресурстардын натыйжалуулугун илгерилетүү" (ПЭРЭТО / PERETO) Долбоор Борбор Азиядагы Америка Университети (БААУ) тарабынан өнөктөш уюмдар: UNISON Group (Кыргызстан), Technopolis Group (Бельгия), Collaborating Centre on Sustainable Consumption and Production – СSCP (Германия) менен консорциумда жүзөгө ашырылууда.

Долбоор - 2020-жылдан 2024-жылга чейин, SWITCH- Asia программасынын алкагында Европа Биримдигинин каржылоосу менен, төрт жылга эсептелген. Долбоор Экономика жана Каржы министрлиги жана Кыргыз Республикасындагы Туризм Департаменти менен кызматташтыкта Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү тарабынан колдоого алынган. Долбоордун максаты - Кыргызстандын туризм секторундагы чакан жана орто ишканалар (ЧОИ) арасында туруктуу өндүрүштү жана керектөөнү (ТӨК), жана электр кубатынын натыйжалуулугунун жана ресурстардын натыйжалуулугунун (ЭРН) практикасын илгерилетүү аркылуу энергетикалык коопсуздукка жана туруктуу өсүүгө көмөк көрсөтүү.

Жаңылыктар

Кичи жана орто мекемелер ʏчʏн ѳзʏн-ѳзʏ баалоо каражаты
Энергия жана ресурстардын натыйжалуулугу жана бизнести туруктуу башкаруу боюнча учурдагы практикага тез алгачкы баа берүү.

Китепкана

PERETO китепканасы Кыргызстандагы жана дүйнө жүзүндөгү HoReCa чакан жана орто ишканалары тарабынан колдонулган мыкты тажрыйбалардын жыйындысы. Ал ресурстарды үнөмдөөгө, экономикалык натыйжалуулугунуна жана кардарлардын арасында жашыл имиджге алып келген мүмкүн болгон чечимдердин жана тажрыйбалардын ар түрдүүлүгүн көрсөтөт.
Мейманкана/Конок үй
Мейманкана секторунда бекер энергия аудити үчүн жашыл салык салуу (Никосия муниципалитети)

Кипрдеги көптөгөн жергиликтүү бийликтер Туруктуу энергетика жана климат боюнча иш-чараларды ишке ашыруу...

МенеджментЭнергия
Көбүрөөк
Мейманкана/Конок үй
Мейманканаларда жана жатаканаларда таштандыларды азайтуу моделин түзүү боюнча демонстрациялык долбоор GREEN Circular Экономика

Долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруунун натыйжасында мейманканаларда жана жатаканаларда таштандыларды жоопкерчиликтүү башкаруу үчүн...

МенеджментТаштанды
Көбүрөөк

Партнеры

Видео